Токтогул районунун өрнөктүү инсандары сыйланды

Бүгүн 31- август Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата “Токтогул жаштар биримдиги” коомдук бирикмеси жана Токтогул райондук администрациясынын Токтогул районунун социалдык экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн “ Кетмен-Төбөнүн өрнөктүү инсаны” сыйлыгы менен сыйлоо аземин өткөрдү. Сыйлык Токтогул районунда коомчулуктун, мамлекеттин өнүгүүсүнө, эл арасынды эмгеги менен айырмаланган жарандарга ыраазычылык билдирүү максатында уюштурулган. Иш-чара аймактык элине эмгек кылган […]

Курманбек Бакиев кыргызстандыктарды куттуктады

Экс-Президент Курманбек Бакиев кыргыз элин Кыргызстандын 30 жылдык эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Урматтуу кыргыз элим! Сиздерди Эгемендүүлүктүн 30 жылдык мааракеси менен куттуктайм! Элибизге тынччылык, токчулук, бакубат жашоо каалайм! Асаманыбыз ар дайым ачык болсун, тилеген ой максатыбызга жетип, гүлдөгөн өлкөлөрдүн катарына кирели. Кыргыз элине түбөлүк эгемендүүлүк насип этсин. Элибиздин башы аман, журтубуз тынч болсун!»,-деп жазган ал.

Биринчи Май райондук соту: Активисттерди тыңшоо мыйзамдуу

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 100гө жакын жарандын тыңшоо буйругу боюнча адвокаттардын кайрылуусу боюнча түшүндүрмө берди.Сот бул чечим азыркы мыйзамдардын талаптарына ылайык кабыл алынганын билдирди.«2020-жылдын октябрь айында болгон баш аламандык боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, ведомстволор аралык тергөө тобунун башчысы атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү өтүнүчүн берди. Бул өтүнүчтү кароодо топтун башчысы жана Башкы прокуратуранын […]

Садыр Жапаров алдыдагы 5 жылда элге татыктуу жашоону убадалады

Мамлекети тарыхта татаал тагдырга туш болуп жок болуп кеткен улуттар, мамлекеттер көп болгондугун эске салып, Кыргызстандын алардын катарына кошулбаганын канааттануу менен белгиледи. «Тарыхта татаал тагдырга туш болуп жок болуп кеткен улуттар, мамлекеттер көп болгон. Мындай элдин катарын толуктап калбаганыбыз үчүн жаратканга миң мертебе шүгүрчүлүк! Бүгүнкү улуу тарыхый датаны байтак калаабыздын толтосу касиеттүү «Ала-Тоо» аянтында белгилеп […]

Мамлекеттик сыйлык менен сыйланган маданият өкүлдөрүнун тизмеси

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата бир катар маданият өкулдөрү мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты«Кыргыз Республикасынын эл артисти» ардак наамымын алгандарАбдыкадыров Нурлан Жалилович; Акулова Динара Догдурбаевна; Аманбаев Исирадин Абдилашимович; Анникова Валентина Васильевна; Борбуев Берадор Смановичке; Гилка Валентина Григорьевна; Жоробекова Шакен; Иманалиева Айчүрөк Асылбековна; Мааданбеков Эсенбек; Маматкулов Абдырасул Токоевич; Мырсалиева Сайрабүбү Ажыкуловна; Өмүрова Бермет; Турсунбаев Нурканбек; Ыбыкеев […]

Биз артка чегинбейбиз! Садыр Жапаров кыргызстандыктарды куттуктады

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.Мамлекет башчысы куттуктоо сөзүндө бүгүн биз улуу тарыхый датаны — Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын белгилеп жатканыбызды белгиледи. Отуз кылым бою кыргыздар эгемендүүлүгүн бир эмес, бир нече жолу жоготушкан, жок болуу алдында турган, бирок ага карабай элибиз кайрадан жанданган.«Бүгүнкү эгемендүүлүк 20 -кылымда мамлекеттүүлүктү түптөгөн Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр […]

5 партия шайлоого катышуу тууралуу билдирүү тапшырды. Тизме

31 -августка карата Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 5 саясий партиядан Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети тууралуу билдирүү келип түшкөн. Шайлоо 2021 -жылдын 28 -ноябрында өтөт. Бүгүнку күнгө карата беш саясий партия билдирүү берген: «Социал -демократтар» «Улуттар биримдиги», «Ишеним», «Альянс», «Кыргызстан Жашылдар партиясы».Партиялар конституциялык мыйзамга ылайык саясий партиядан талап кылынган шайлоо […]

ИИМ жүздөй саясатчыны тыңшоо менен алектенет

Саясатчылар жана адвокаттар конституциялык укуктарды одоно бузуу жана жеке жашоонун чөйрөсүнө одоно түрдө кийлигишүү фактысы боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылышты.Белгиленгендей, 6 -январда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун тергөөчүсү Чыңгыз Бердимуратов 100дөн ашык жарандын телефондорун тыңшоого уруксат берген токтом чыгарган. Сот актысына ИИМдин тергөө кызматынын башчысы А.Жумабаевдин жарлыгы негиз болгон, анда ал соттон телефондорду тыңшоого […]

Аскар Акаев: » Кыргызстаныбыз өнүккөн мамлекет болушуна тилектешмин»

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен өлкөнүн туңгуч президенти Аскар Акаев кыргызстандыктарды куттуктады. Ардактуу мекендештерим!Отуз жыл мурда, 1991-жылы, улуу СССР мамлекети урап, башка союздук республикалар менен катар Кыргыз ССРи да эгемендикке ээ болду. Ал убакта Советтер Союзунун кыйроо процесси оор болгону эсибизде. Экономикалык байланыштар үзүлүп, борбордон алынчу дотация соолуп, өндүрүш дээрлик токтоп, азык-түлүккө карточка киргизилип, баалар […]

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө 30 жыл толду

Кыргызстан мурдагы Советтер Союзунун курамынан бөлүнүп, көз карандысыздыгын жарыялаганына бүгүн, 31-августта 30 жыл толду. Отуз жылдык мааракеге байланыштуу бүгүн борбор калаа — Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтанаттуу иш-чара өтөт.Борбордук Ала-Тоо аянтында көз карандысыздыктын 30 жылдыгына арналып аскер парады, театрлаштырылган оюн-зооктор жана концерттик программа болот. Эгемендиктин 30 жылдыгы өлкөнүн бардык аймактарында, чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринде майрамдалат. […]