Тажикстан кармап кеткен кыргызстандык 2 окуучу бошотулду

23-сентябрь түнү Лейлек районунун Жаштык айылынын 16 жаштагы эки окуучусу бошотулду. Бул тууралуу президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Балдар президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган Баткен, Лейлек райондорунун акимдери жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода баштаган күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен […]

Аскар Акаев Армениянын биринчи президенти Левон Тер-Петросян менен жолукту

Армениянын борбору Ереван шаарында Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев менен Армениянын биринчи президенти Левон Тер-Петросян жолукту. Бул тууралуу “АвторТв медиа тармагына” өздүк булактар билдирди.Жолугушуу бейшемби күнү Тер-Петросяндын хан сарайында өттү.Экс-президенттердин экөө тең илимден саясатка келгени аларды бири-бирине жакындатат. Тер-Петросян менен Акаев 8 жылдай эки тараптуу деңгээлде жана КМШ алкагында активдүү кызматташкан.Мындан тышкары Россия-Армения университетинин чакыруусу […]

Гүлжигит Исаков: “ Бийликтин шалаакылыгынан улам, коңшулар бизге тийишкенди адатка айлантып алды”

«Чек ара» коомдук бирикмесинин мүчөсү Гүлжигит Исаков Лейлек районунун Жаштык айылынан эки өспүрүмдү Тажикстандын күч кызматкерлери 23-сентябрда кармап кеткени боюнча пикирин билдирди:«Учурдагы бийликтин шалаакылыгынан улам кошуналар бизге тийишкенди адатка айлантып алышты. Кечээ эки окуучубузду агрессорлор биздин жерибизден уурдап кетишти! Компетенциянын жоктугу, Баткен облусун өгөйлөө, мамлекетчилдиктин жоктугу сыяктуу учурдагы бийликке таандык болгон сапаттар агрессорлордун «табитин» ачууда! […]

Алайда алгачкы жолу театр фестивалы өтөт

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Т. Ажибаев атындагы Алай музыкалык-драма театры тартуулайт. Өлкөдөгү карантиндик кыйын кырдаалга байланыштуу бир топ театралдык фестивалдар, ири маданий иш чаралар өткөрүлбөй келген. Эми абал кыйла турукташып, театрлар кайрадан калкыбызга кучагын кенен жайып чакырууда. Тактап айтканда Алай районунун Гүлчө айылында «Тоо театрларынын I республикалык фестивалы» старт алганы турат.Фестивалга: […]

Момбеков: “Легендарлуу парламенттин “л”сына татыбайбыз”

Жакында эле Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Саматбек Ибраевдин президент 6-чакырыштагы парламентти “ легендарлуу” деп атаганын айтып чыккан. Буга карата бир катар сындар айтылып, талкууга алынды. Эл өкүлү Рыскелди Момбеков жергиликтүү маалымат каражатына маек берип жатып, легендарлуу парламенттин “л” сына да татыбайбыз деди. Момбеков президент мындай баа бергенине ишенбейт.«Биз VI чакырылыштын депутаттары легендарлуу эмес, тескерисинче легендалуу […]

Асылбек Жээнбеков УКМКнын тергөө абагына калтырылды

«Кумтөр» иши боюнча айыпталып жаткан депутат Асылбек Жээнбеков камакта калтырылды. Мындай чечимди бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи райондук соту чыгарды. Маалым болгондой, Асылбек Жээнбеков УКМКнын СИЗОсунда30 -ноябрга чейин болот. Сот прокурордун өтүнүчүн канааттандырды.Эске салсак, УКМК «Кумтөр» иши боюнча бир катар саясатчыларга кылмыш ишин козгоп, камакка алган. Айыпталуучулар парламенттин мурдагы жана азыркы депутаттары Төрөбай Зулпукаров ,Исхак Пирматов, […]

Тажикстандын күч органдары кыргызстандык 2 окуучуну күчкө салып кармап кетишкен

Кечээ, 23-сентябрда Лейлек районунун Жаштык айылында 2 окуучуну Тажикстандын жарандары кармап кетти. Бул тууралуу Turmush басылмасы өздүк булактарына таянып жазып чыкты.Маалыматка караганда, айылдын күн батыш тарабында чек ара тилкесине жакын жерде Тажикстан тараптан белгисиз адамдар чек арадан 5-10 метр аралыкка чейин кирип келип, 11-класста окуган Ш.Ю. менен Э.Н.ны (2005-жылы туулган окуучулар) күчкө салып Тажикстандын аймагына […]

Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин маянасы 50 пайызга жогорулады

1 -августтан тарта аскер кызматкерлеринин кызматтык маянасы орточо эсеп менен 50%га жогорулатылды.Бул тууралуу 24 -сентябрда КРнын Коргоо министрлигинин финансы башкармалыгынын башчысынын орун басары Асхат Оморов маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, офицерлердин маянасы орточо 50%га, ал эми сержанттар үчүн 30%га көтөрүлгөн.«Биздин эң популярдуу кызмат — взвод командири жана бригадир. Эгерде мурда взвод командирлери 7600 сом алышса, […]

Баткен: кыргыз-тажик чек арасында окуучулар сабалды

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагында мектеп окуучулары чырдаша кетип, кыргызстандык төрт окуучу жабыр тарткан. Бул тууралуу «Азаттыкка» Баткен районунун акими Учкун Жоробаев билдирди. Анын сөзүнө караганда, окуя 23-сентябрда саат 13:00 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма участогунда болгон. «Алдын ала маалымат боюнча кыргызстандык 8-класстын төрт окуучусу мектептен кайтып келатканда Тажикстандын 11-классынын 30га жакын окуучусу […]

Президенттин аппараты Масадыковдун Ооганстанга барганы боюнча түшүндүрмө берди

Президенттин маалымат кызматы Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кабулда Афганистандын талибдер дайындаган тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолукканы боюнча түшүндүрмө берди. Белгилей кетсек, буга чейин Афганистан өкмөтүнүн маалымат катчысы Забихулла Мухажид социалдык тармактагы баракчасына жолугушуу тууралуу маалыматты жана сүрөттөрдү жарыялаган. Өлкө башчынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, Коопсуздук кеңешинин […]