Кадыр Атамбаев жол кире кымбаттаса Бишкек мэриясын сотко берет

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Кадыр Атамбаев жол кирени көтөрүүгө каршы чыгып, маршруттук фирмалардын мафиясын текшерүүнү сунуштады.Ал керектөөчүлөрдүн укугун коргогон «Кыргыз транс көзөмөл» уюмунун маалыматы боюнча бир маршрутканын айдоочусу күнүнө 3-4 миң сом табарын айтты.«Шаарда 3000дей маршрутка болсо, демек, фирмаларга күн сайын 9 миллион сом түшөт экен. Бирок фирма ээлери салыкты жашырып, чыныгы феодализм менен алектенишет. […]

Жапаров коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салган мыйзамга кол койду

Бүгүн, 28-сентябрда Президент Садыр Жапаров коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу маалыматты Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев маалымат жыйында билдирди. «Бул мыйзам жүрөк-кан тамыр оорулары менен күрөшүүдө жардам берет», — деди ал. Ошондой эле ал жакында маалымат каражаттары мыйзам тууралуу маалыматтарды жарыялай турганын кошумчалады. Жогорку Кеңештин депутаттары […]

Бишкекте жол кире 1-ноябрдан тарта кымбаттайт

Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин депутаттары жол кирени жогорулатуу токтомунун долбоорун колдошту.Мындай чечим бүгүнкү шаардык кеңештин сессияда кабыл алынды.36 депутаттын 33ү макул, бирөө калыс, экөө каршы болду.Ага ылайык, жарлык 1 -ноябрда күчүнө кирет. Менчик түрүнө карабастан кыймылдаткычынын көлөмү 3 миң кубдан ашкан троллейбустарда жана автобустарда жүрүү 11 сом, туруктуу маршруттук таксилерде, кыймылдаткычынын көлөмү 3 миң кубдан […]

Жапаров «Экономикалык өзгөчө кырдаал жөнүндө» мыйзамды артка кайтарды

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана 87-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Экономиканын өзгөчө кырдаал чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамды каршы пикири менен Жогорку Кеңешке кайра кайтарды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти..

Тазабек Икрамов бир мандаттуу округдан шайлоого катышат

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов бир мандаттуу округдар боюнча парламенттик шайлоого катышуу үчүн документтерин тапшырды. Бул тууралуу БШК билдирди.Ал Жалал-Абад облусундагы No13 Сузак шайлоо округунан ат салышууга ниеттенүүдө.Белгилей кетсек, Икрамов алтынчы чакырылышта «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын тизмеси боюнча өткөн. Эки жылдан кийин тартип бузгандыгы үчүн фракциядан чыгарылган.Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлер каттоо үчүн документтерди шайлоо […]

Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгулов отставкага кетти

Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгулов кызматынан кетип жатат. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар өз булактарына таянып жазып чыкты.Чечимин бүгүн Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында расмий жарыялайт деп күтүлүүдө.Улуттук банктын басма сөз кызматы башчынын отставкасы боюнча комментарий бере элек. Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева кечээ жана бүгүн Толкунбек Абдыгулов жумуш ордунда болгонун белгиледи.Улуттук банк […]

Тажикстан Кыргызстандан кызматташууну калыбына келтирүүнү суранды

Тажикстандын Транспорт министрлиги чек араны ачуу жана кызматташтыкты жандандыруу боюнча Кыргызстанга расмий кат жолдогон. Бул тууралуу Тажикстандын Транспорт министрлигинин «Наклиот» апталык басылмасынын башкы редактору Хандонгул Доробова “Озоди” менен маегинде билдирген. “Бишкектин жообун азырынча ала элекпиз. Тажикстан өзү тараптан өлкөлөр ортосундагы транспорттук байланышты жандандырууга даяр”,-деп белгилеген Доробова. 2021-жылдын 28-30-апрелде жана 1-майда болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу […]

Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов отставкага кетет.

Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов отставкага кетет. Бул тууралуу ал өзү 27-сентябрда, президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда билдирди.«Алмамбет Шыкмаматов алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу каалоосун айтып, буга байланыштуу инвестициялар министри ээлеген кызматынан отставкага кетүү жөнүндө арыз жазуу ниетин билдирди», — деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.Мамлекет башчысы Алмамбет Шыкмаматовдун отставкасын кабыл алууга даяр […]

1-3-октябрга чейин абанын температурасы кескин төмөндөйт

Кыргызстандын аймагында 1-октябрдан 3-октябрга чейин абанын температурасы төмөндөйт. Мындай маалыматты Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет таратты. Өлкө аймагында шамал болуп, тоолуу аймактарда жаан карга айланышы мүмкүн. Тоо этектериндеги райондордо жаан жана кар жаашы ыктымал. Кыргызгидромет билдирген маалымат боюнча, 1-октябрдан тарта абанын күндүзгү температурасы болжол менен 10 градуска чейин, түнкүсүн 5-6 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт.