Кубанычбек Бөкөнтаев Улуттук банктын төрагалыгына бекитилди

Жогорку Кеңеш Кубанычбек Бөкөнтаевди Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагалыгына бекитти. Мындай чечим бүгүнкү жыйында кабыл алынды.Жыйында 76 депутат «макул», 5 депутат «каршы» деп добуш берди.Белгилей кетсек, Улуттук банктын мурдагы башчысы Толкунбек Абдыгулов кечээ кызматтан кеткен. Анын отставкасын Жогорку Кеңеш бүгүн кабыл алды. Ал Эл аралык валюта фондунунКыргызстан боюнча кеңешчиси болуп иштей турганы маалым болду.

Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча сотко катышуудан баш тартты

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс -президент Алмазбек Атамбаевдин иши боюнча соттук териштирүү уланууда.Жыйындар залына Кой-Таш окуясына айыпталган парламенттин депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов жана экс-депутат Равшан Дженбеков келишти. Ал эмиэкс-президент сотко келген эмес. Коштоочулар Атамбаевдин камерасынан чыкпагандыгы тууралуу акт көрсөтүштү.Алмазбек Атамбаев өзү ден соолугу начар болгонуна байланыштуу […]

Шыкмаматов: “Мен президенттин командасында болчумун жана анда калам”

Инвестиция министри Алмамбет Шыкмаматов кызматын тапшырып, парламенттик шайлоого барары тууралуу “24.kg” агенттигине маек берди.Анда Шыкмаматов эмне үчүн шайлоого барууну чечкенин, ошондой эле президент менен болгон мамилеси, саясий спекуляторлор жана Жогорку Кеңешке шайлоо тууралуу айтып берди.—Алмамбет Насырканович, чынын айтыңызчы, сиздин инвестициялар министри кызматынан кетишиңиз жеке чечимиңизби? Бул менин жеке чечимим. Бирок, албетте, президент менен макулдашылган. Президент […]

Самат Ибраев Жээнчороевге: “Жекеме-жеке чыгалыбы?”

Депутат Самат Ибраев кесиптеши Мирлан Жээнчороевди сотко берерин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн парламент жыйынында Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгуловдун өз ыктыяры менен кызматтан кетүү боюнча арызын кароо учурунда айткан.Ал депутаттык комиссия түзүүнү жана Улуттук банктын жети жылдык ишине аудит жүргүзүүнү сунуштады.«Менин дарегимде көптөгөн жаман сөздөр айтылды. Мирлан Жээнчороев, бири -бирибизге мындай сөздөрдү айтпайлы. Эми […]

Качкын премьер-министр Данияр Үсөнов уулунун Стамбулдагы үлпөт тоюна катышты

Августтун аягында Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновдун уулдарынын биринин тою болуп өттү. Урмат менен Юлиянын үйлөнүү тою Түркиянын Стамбул шаарында өттү. Коноктор тарткан сүрөттөргө жана видеолорго караганда, үлпөт тойго Данияр Үсөнов да катышкан. Урмат «Монгол груп» компаниясынын негиздөөчүсү. Юлия — хореограф.

Токтогазиев Абдыгуловдун отставкасы боюнча: “Биз эң жаман мезгилге даярдануубуз керек”

Улуттук банктын экс-төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кызматтан кетүүгө мажбурлаганы үчүн моралдык жоопкерчиликти Жогорку Кеңештин депутаттары Самат Ибраев менен Бактыбек Турусбековтартышы керек. Мындай пикирин мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев фейсбук баракчасы менен бөлүштү.«Депутаттар Ибраев менен Турусбеков финансылык кризис үчүн моралдык жоопкерчиликти мойнуна алышат, муну азыр биз так айта алабыз. Улуттук банк Абдыгуловдун жетекчилиги астында, көз карандысыз […]

Улуттук энергохолдинг кафе, парк, дүкөндөрдү жана көчөдөгү жарыктандырууну токтотот

Улуттук энергохолдинг республиканын бардык аймактарында кечинде жана эртең менен рейд жүргүзүү зарылдыгы тууралуу бөлүштүрүүчү компанияга кабарлаган. Бул тууралуу Tазабек басылмасы жазып чыкты.Рейддин максаты- кафе, ресторандарды, мончолорду, сауналарды, парктарды, дүкөндөрдү жана башка тиричилик эмес керектөөчүлөрдүн көчө жана жарнактарынын жарыктандырууларын өчүрүү.Мындай билдирүү «Түндүк электр» ААК, «Чыгыш электр» ААК, «Ошэлектро» ААК жана «Жалалабатэлектро» ААК дарегине жөнөтүлдү.Ушундай эле буйрукка […]