Кыргызстан Тажикстандан электр энергиясын ала баштады

Бүгүн, 1-октябрдан баштап Кыргызстан Тажикстандан электр энергиясын ала баштады. Электр энергиясын алуу старт алганына 2 саат болду. Бул тууралуу маалыматты Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйында билдирген. Анын айтымына караганда, Тажикстандан электр энергиясы суткасына 1 млн. киловатт сааттан алып жатат. Коллегалары менен сүйлөшүп, бүгүнтөн тартып ала баштаган. Коңшу өлкөдө азырынча суу ашыгыраак […]

Токтогул районунда «Чексиз Нур» китеби боюнча сынак жарыяланды

Жарыя, жарыя, жарыя, урматтуу Кетмен-Дөбө өрөөнүнүн тургундары «Жаштарды китеп окууга үндөө жана диний сабатсыздыкты жоюу» максатында Токтогул району боюнча «ЧЕКСИЗ НУР» аттуу китептен сынак жарыялайбыз. Сынак тест түрүндө өтүп, Токтогул районунун тургундары болгон баардык каалоочулар катыша алат, жашка чектөө жок. Башкы байге Умрага сапар (кичи ажылык) жана алдыңкы отуз орунга балуу сыйлыктар коюлат. Белек тапшыруу […]

Мискенбаев Садыр Жапаровго: «Көктөн түшкөн жоксуз»

Мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаев Президентке кайрылуу жасады. Кайрылууну саясатчы өзүнүн социалдык баракчасына жазган.Урматтуу Садыр Нуркожоевич, сиздин бийликке келгениңизге толук 1 жыл болду. Сиздин айткандарыңыз дайыма кулак алдында жаңырып турат: «Мага 2 ай гана убакыт жетиштүү. Мен саясий куугунтук кылбайм, 30 жылдан бери келе жаткан эскилерден тазалайм, алардын катасын кайталабайм. Итиңер алтын аяктан суу ичип калат» […]

Төрага Мамытов, Шыкмаматов, Мамашева жана Түлөбаев бир партиядан шайлоого барат

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жана учурдагы бир канча депутаттар «Ынтымак» партиясы менен шайлоого аттанат. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар өздүк булактарына таянып жазып чыгышты.Маалыматка ылайык, «Ынтымак» партиясы менен шайлоого Балбак Түлөбаев, Алмамбет Шыкмаматов, Айсулуу Мамашова, Махабат Мавлянова, Эмил Токтошев, Өмүрбек Бакиров, Бактыбек Турусбеков, Арзыбек Карыбеков, Аккулу Бердиев, Сагындык Келдибаев, Абдыбек Дюшалиев барат.Аталган партиянын съезди кийинки […]

Марипов чек ара жаңжалында жабыркаган үйлөрдүн бүтпөй жатканын сынга алды

Министрлер кабинетинин башчысы архитектура, курулуш жана турак жай -коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигин сынга алды Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги 2021-жылдын 28-30-апрелиндеги окуялардын натыйжасында жабыркаган Баткен облусунун чек арада жайгашкан айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кеңейтилген кеңешмеси өттү. Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын […]

Эрулан Кокулов шайлоого катышуу алдында элдин пикирин сурады

«Не сахар» долбоорунун алып баруучусу Эрулан Кокулов парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, бул боюнча коомчулуктун пикирин сурады. Кайрылууну Кокулов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.«Азыр көбү ар кандай нерселерди жазышат, бирок мен чынын айтсам, Жогорку Кеңешке шайлоого баргым келген жок. Депутат болгондон башка дагы жакшы бош орундар бар. Билесизби? Кыргызстанда баарын «крыша» чечет. Мен блогер катары […]

Талибан: «Дүйнөлүк коомчулук кийлигишпесе Тажикстанды 24 саатта басып алабыз»

Окуялардын өнүгүшү көрсөткөндөй, Тажикстан менен Талибандын ортосунда масштабдуу кансыз согуш тутанууда. Талибан Афганистандын дээрлик бардык аймагын, анын ичинде Тажикстан менен дээрлик 1400 км түз чек арасын колго алды. Бул кансыз согуштун туу чокусу Талибандын Катардагы саясий кеңсесинин басма сөз катчысы Наим Вардактын ачык коркунучу болду, ал Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго кайрылып, «Эгерде дүйнөлүк коомчулук кийлигишпесе, […]

Бишкек мэриясы кичи автобустун айдоочусунан жабыркаган аялды издейт

Бишкек шаарынын мэриясы кичи автобустун айдоочусу менен болгон окуяда жабыркаган аялды издеп жатат. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.«Шаардык мэрия айдоочунун кылыгына нааразы, ал жөн гана орой эмес, балалуу жүргүнчүгө да жоопкерчиликсиз мамиле кылган. Андыктан окуянын жабырлануучусунун пикирин сурайт», — деп белгилешти басма сөз кызматынан. Эске салсак, №203 кичи автобустун айдоочусу (мамлекеттик номуру […]

«Кыргызстан сулуусу-2021» сынагын Алтынай Ботоярова жеңип алды

«Кыргызстан сулуусу-2021» сынагын Алтынай Ботоярова жеңип алды. Сынак кечээ Бишкек шаарында өтүп, анда 31 бийкеч атаандашкан. Уюштуруучулардын айтымында, жеңүүчүгө 400 миң доллар берилип, 5 миң долларга жасалган таажы ыйгарылды. Алтынай Ботоярова модель болуп эмгектенет. Белгилей кетсек, былтыры бул сынакты Садыр Жапаровдун инисинин кызы Лазат Нуркожоева жеңип алган.

Женевада кыргыз чиновниктери менен Центерранын ортосундагы сүйлөшүү өттү

Бир күн мурун Женевада (Швейцария) Кыргызстан менен канадалык Centerra Gold Ink компаниясы ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы өттү. Жолугушуу Кумтөр долбоору боюнча тараптардын соттук териштирүүлөрүнө байланыштуу уюштурулган. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар өз булактарына таянып жазып чыкты.Белгилүү болгондой, кыргыз делегациясын экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров жетектейт. Мындан тышкары, анын курамына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Кумтөрдүн тышкы […]