Бишкектин сырткы жарыктандыруусу түнкүсүн өчүрүлбөй турган болду

Бишкектин сырткы жарыктандыруусу түнкүсүн өчүрүлбөйт. Бул тууралуу «Улуттук энергохолдинг компаниясы» ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Бирок бул чечимдин себептерине түшүндүрмө берищкен жок. Маалым болгондой, 3-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12,3 миллиард куб метрди түзгөн, бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 3 миллиард кубометрге аз.«Августтан бери Токтогул суу сактагычында суу ресурстарынын топтолушунун учурдагы абалы, ошондой […]

Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда алгачкы атаандашын жеңди

Айсулуу Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак ченинде күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда биринчи беттешин жеңип алды. Бул тууралуу UWW сайты билдирет.1/8 финалда ал япониялык Нонока Озакиден күчтүү болуп чыкты. (6: 4) эсеби менен акыркы мүнөттө аны жеңип алды. Кыргызстандык Эрназар Акматалиев Шри -Ланканын спортчусун жеңип, турнирдин 1/8 бөлүгүнө чыкты. Эске сала кетсек, күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу […]

Эртең Бишкек шаарында жылуулук берилет

Бишкекте жылуулук сезону 5 -октябрда башталат. Тиешелүү буйрукка шаар башчысы Айбек Жунушалиев кол койду.Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, объектилерди туташтыруу бир нече күнгө созулат. Биринчи кезекте мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине жылуулук берилет. Экинчиден — карызы жок турак жай имараттарына, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерине берилет.

«Сомо» компаниясы жабылды

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы өзүн күрөөкана деп атаган «Сомо» компаниясынын бардык филиал жана өкүлчүлүктөрүн Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жабуу тууралуу буйрук берди. Мындай буйрук Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун тапшырмасынын негизинде болгонун аталган мекемеден билдиришти. Мунун алдында, 1-октябрда Улукбек Марипов менен финкөзөмөл кызматынын төрагасы Арзыбек Кожошев «Сомонун» ишмердүүлүгүнө байланыштуу жыйын өткөргөн. Финкөзөмөл […]

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан Рыспек Акматбаевдин ата-энеси каза болду

Ысык-Көл облусундагы жол кырсыктан Рыспек Акматбаевдин ата-энеси каза болду. Бул тууралуу АКИpress агенттигинин булактары билдирди.Кырсык бүгүн, 4-октябрда болду. Унаа Чолпон-Атадан Балыкчыны көздөй бара жаткан. Бирок айдоочу кайрылышта рулга ээ боло албай, унаа ала салып кеткен.Унааны 1940-жылы туулган Абдымалик Акматбаев башкарып бара жаткан. Жанында жубайы — 1940-жылы туулган Сабира Соодалиева бар болчу.Жубайлар Чолпон-Ата шаарында жашап келишкен.

Жетекчи алмашары менен Улуттук банк 7,6 миллион доллар сатты

Улуттук банк 1-октябрда валюта рыногуна 7,6 миллион доллар сатты. Бул туурасында өлкөнүн башкы банкы маалымдады.Бул — өткөн аптанын аралыгында жасалган экинчи интервенция. Беш айлык тыныгуудан кийин 27-сентябрь күнү да 31,1 миллион доллар сатылган болчу.Жалпысынан жыл башынан бери Улттук банк сегиз жолу интервенция жүргүзүп 311 миллион 150 миң доллар сатканы белгилүү болду.Белгилей кетсек, 30-сентябрда Улуттук банктын […]

Искендер Матраимов, Алтынбек Сулайманов бир мандатту округдан шайлоого катышат

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууганы, Жогорку Кеңештин азыркы депутаты Искендер Матраимов дагы бир жолу депутаттык мандат үчүн ат салышууга ниети бар экенин Vesti.kgге билдирди. Анын айтымында, бул жолу ал өзүн өзү көрсөткөн талапкер болот. «Ооба, мен алдыдагы парламенттик шайлоого катышам. Бул жолу мен партияга кирбейм. Жана канча пайыз добуш алаарымды […]

Ак үйдө депутат Самат Ибраевге каршы митинг өтүп жатат

Бишкекте жеке ишкерлер Ак үйдүн имаратынын алдында нааразычылык акциясына чогулушту. Бул тууралуу мурдагы мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова фейсбук баракчасына жазды.“Садыр Жапаров Ава! Чынында, мен өзүмдүн жумуштарым менен чуркап жүрүп көрүп калдым. Канчалаган адамдар сизден адилеттүүлүк сурап жатканына күбө болдум. Алар менен катар иш таштаган Ош базарынын ижарачылары дагы чындык үчүн сизге кайрылышууда. Жардам бере аласызбы?”- […]

Садыр Жапаров электр энергиясын үнөмдөө боюнча тапшырманы өзү бергенин ырастады

Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу өлкөдөгү энергетикалык кырдаал, электр энергиясынын баасы, пайдалануу маселеси боюнча жазды. Учурда Кыргызстан электр энергиясын Түркмөнстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан жана Казакстандан сатып алууда. Президенттин айтымында, өлкө электр энергиясын 2010-жылдан бери импорттоп келүүдө. Бирок быйылкы сатып алынган баа башка.⠀«2014-жылдан бери бир киловатты 5 сомдон алып, элге 0,77 тыйындан берип келишкен экен. Ортодогу айырма […]

Садыр Жапаров өлкөдөгү кымбатчылык боюнча пикирин айтты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу бир катар маселелер боюнча пикирин жазды. Алардын бири — өлкөдөгү коомдук кырдаал, коронавирус пандемиясы учурундагы экономикалык абал, кымбатчылык. Мамлекет башчы кымбатчылык Кыргызстанда гана эмес, дүйнө жүзүндө болуп жатканын, буга бир жарым жылдан бери жүрүп жаткан коронавирус пандемиясы негизги себеп экенин билдирген.⠀«Албетте, мындай учурда салыктан да, бажыдан да төлөмдөр […]