Дастан Догоев кайрадан санариптик өнүктүрүү министрилигине кайтып келди

Дастан Догоев кайрадан санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.Эске салсак, буга чейин маалымат жыйынында мамлекет башчысы санариптик өнүктүрүү министрлигин кайтарып берүүнү убада кылган. Бүгүн ал санариптештирүү жана электрондук өкмөт чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча бөлүмдү министрлер кабинетине кайтарды.Жарлыкта ошондой эле Дастан Догоевдин талапкерлигин […]

Орозайым Нарматова өзүнүн кармалышы боюнча президенттин пикирине жооп берди

23-октябрда Садыр Жапаров массалык маалымат каражаттары үчүн өткөргөн маалымат жыйында активист Орозайым Нарматованын кармалышы боюнча комментарий берип жатып, анын камалганын кеч билгенин жана ИИМге Нарматованы бошотууну суранганын билдирген. Бул боюнча активист Орозайым Нарматова аны кармоо тууралуу буйрукту президент Жапаровдун жакын санаалашы жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өзү бергенин айтып чыкты «Бул боюнча УКМК иш козгогон. […]

«Империя пиццы» кафесине 30 миң сомдон ашык айып салынды

«Империя пиццы» кафелер түйүнүндөгү массалык уулануудан улам филиалдардын администрациясына жалпы 30 500 сом штраф салуу боюнча беш протокол жазылып тапшырылды. Бул борбор калаанын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Кундуз Есенгулова 26-октябрдагы басма сөз жыйында билдирди.Анын айтымында, «Империя пиццынын» бардык 16 филиалы жагдайлар аныкталып, анализдердин жыйынтыгы толугу менен чыкканга чейин жабылды.Ал Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору […]

Мырзакматов: “Шайлоонун таза өтүшүнөн күмөнүм бар”

Шайлоонун таза өтүшүнөн күмөн санатуучу бир нече фактор бар. Мындай пикирин жарышка катышып жаткан «Улуттар биримдиги» партиясынын төрагасы Мелис Мырзакматов «Маралга» билдирди.Биринчиси, элдин калың катмарынын БШКга болгон ишениминин жоктугу; экинчи фактор, былтыркы октябрь окуяларына себепкер болгон партиялардын жана талапкерлердин 90%дан ашыгынын быйыл да жарышка катышып жатышы.«Демек, эч нерсе өзгөргөн жок. Ошол эле акча, ошол эле […]

Ооганстанда массалык ачарчылыктан үй-бүлөлөр балдарын сатууга барууда

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы эгер чукул чара көрүлбөсө, миллиондогон оогандыктар ачарчылыктан өлөт- деп эскертет. Маалыматка караганда, 22,8 миллионго жакын адам (бул Ооганстандын калкынын жарымы) азыртадан эле тамак-аштын кескин жетишсиздигине дуушар болушууда, алардын 3,2 миллиону балдар.Би-Би-Синин кабарчылары Гераттын чет жакасынан жаңы төрөлгөн кызын саткан көп балалуу үй-бүлөнү табышты.Алар башка балдарды багуу үчүн аргасыз бул кадамга барышууда.«Үйүбүздө […]

Кытай балдарды үч жаштадан баштап коронавируска каршы эмдей баштайт

Кытайда кеминде беш провинцияда 3 жаштан 11 жашка чейинки балдарды коронавируска каршы эмдөө башталат. Бул тууралуу Associated Press News билдирди.Кытай калктын 76 пайызы толук эмдөөдөн өткөнү, бийлик оорунун чыгышына нөлдүк сабырдуулук саясатын карманып жатканы белгиленген.«Кытай балдарды вируска каршы ушундай эрте жашынан эмдөөнү баштаган дүйнөдөгү саналуу өлкөлөрдүн бирине айланууда. Маселен, Кубада эки жашка чейинки балдарды эмдөө […]

Гүлзат Мамытбек алдамчылыкка шектелип кармалды

Милиция кызматкерлери блогер Гүлзат Мамытбекти кармашты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалым болгондой, Биринчи май РИИБге жети адам кайрылып, алардан Гүлзат Мамытбек деген каймана ат менен белгилүү Гүлзат Алымкулова 110 миң доллар алып кеткен. Алымкулова жарандар салган сумманы көбөйтүүгө убада берип, бирок бир аз убакыттан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен.2020-жылдын июнь айында […]

Канат Исаев «Кыргызстан» партиясынын лидерлигинен кетти

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев «Кыргызстан» партиясынын лидерлигинен кетти. Маалымат аталган партия өкүлдөрүнөн тастыкталды.Мындай чечим партиянын съездинде кабыл алынган. «Кыргызстан» партиясынын жаңы лидери болуп «Аю холдингдин» вице-презденти Нурлан Абдыразаков шайланган.Канат Исаев партия жетекчилигинин алмашуусу тууралуу комментарий берген жок.Ал парламенттик шайлоого бир мандаттуу №31 Чүй-Кемин шайлоо округунан талапкер катары бара жатат.«Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүсү «Аю холдингдин» кожоюну […]

Шавкат Мирзиеев экинчи мөөнөткө президент болуп шайланды

Өзбекстанда жекшембиде өткөн президенттик шайлоону азыркы мамлекет башчы Шавкат Мирзиёев жеңди. Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, президент жалпы добуштардын 80,1% алды. Расмий маалыматка ылайык, «Элдик демократиялык партиядан » Максуда Варисова добуштардын 6,6%, «Улуттук кайра жаралуу партиясынын» лидери Алишер Кодиров 5,5%, «Экологиялык партиядан» Назрулло Обломурадов 4,1%, “Адилет” партиясынан Бахрам Абдухалимов 3,4% алды. БШК билдиргендей, добуш берүүгө 20 […]