8-кабаттан өзүн таштап каза болгон жигиттин өлүмү боюнча ӨКМ түшүндүрмө берди

Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бир күн мурун бүтпөгөн имараттын8-кабатынан секирип кеткен жигиттин өз жанын кыйганы боюнча түшүндүрмө берди. ӨКМдин Жарандык коргонуу башкы башкармалыгынын башчысы Ырыспек Жолдошбаев, аталган башкармалыктын маалыматы боюнча, «Жаран куткаруу иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бербей, өз жанын кыюуга бел байлаганын» белгиледи.«Инструкцияга ылайык, бийик кабаттан кулап түшкөн адамды куткарууга жардам берүүчү атайын […]

Парламент экономикадагы ӨК режими тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды

Депутат Дастан Бекешев өзүнүн телеграм-каналы аркылуу парламент 27-октябрда экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу мыйзам кабыл алынганын билдирди.«Мыйзам долбоорунун макулдашылган варианты кабыл алынып, кол коюу үчүн президентке жөнөтүлдү. Бул долбоордо өтө жакшы эмес учурлар бар. Ал өтө коркунучтуу жана кооптуу»,— деди Бекешев.Депутаттын айтымында, парламент бир күндө эле ар башка окууда жалпы 23 мыйзамдын долбоорун кабыл алды.Эске […]

Кызын бир көрүүгө жардам сураган Алина Батурова көз жумду

Рак оорусунун оор түрүнө кабылып, кыйын абалда жаткан Алина Батурова (Алина Алмас кызы) кайтыш болуп калды. Бул тууралуу “Жашоо үчүн бирге” фондунун директору Шайыр Сагынбаева ЖМКга билдирди. Өлүм алдында кыйналып жатканда Алина Батурова Казакстандын Жамбыл облусунун Кордой районунда жашаган беш жашар кызы менен жолугууну самаган. Бирок Батурованын күйөөсү буга макул болгон эмес. КР тышкы иштер […]

Кытай Тажикстанга аскердик база курат

Тажик бийлиги Кытай Тоолуу-Бадахшан автоном облусуна аскердик база кура турганын, ага Тажикстандын күч түзүмдөрү ээлик кыларын билдирди. 27-октябрда өлкөнүн ички иштер министринин орун басары Абдурахмон Аламшозода парламентте сүйлөп, база автоном облустун Ишкашим районундагы Вахан айылына куруларын айтты. Парламент депутаты Толибхон Азимзоданын айтымында, бул режимдик объект Тажикстандын Ички иштер министрлигине таандык болот. Базанын курулушу үчүн Кытайдан […]

Кыргызстанда автоунаа жана мүлккө салык жогорулашы мүмкүн

Бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн мүлк салыгы көтөрүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.Анын айтымында, кечээ Жогорку Кеңеш2021-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү жана 2022-жылдын бюджетинин долбоорун биринчи окууда жактырды. Белгиленген зор пландар аткарылган жок. 2022-жылдын апрелине чейин мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият кызматкерлеринин айлыктарын көтөрөбүз деп убада беришкени менен бул чыгымдар бюджеттин өзүндө жок, министрлер кабинети аларды […]

Гүлзат Мамытбек 25-ноябрга чейин Сизо-1ге киргизилди

Гүлзат Мамытбек деген каймана ат менен белгилүү блоггер жана активист Гүлзат Алымкулова СИЗО-1ге камалды Тергөөнүн алкагында ал 25-ноябрга чейин тергөө абагында болот. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды. Буга чейин милицияга 7 жаран кайрылып, алар Мамытбекти алдамчылыкка айыпташкан. Алардын айтымында, ал «кыска убакытта супер киреше» деп убада берип, бирок жарандардан акча алып, убадасын аткарбай, […]

«Альянс» жана «Азаттык» партиялары мөөнөтүнөн мурда үгүт жасоо боюнча текшерилет

БШКнын жумушчу тобу «Азаттык» партиясын жана Ош АШКсы «Альянс» партиясын мөөнөтүнөн мурда үгүт жасоо фактысына текшерет. Маалым болгондой, 20-октбярда Фейсбуктун Исламбек Чотобаев аттуу колдонуучу «Азаттык» партиясынын талапкери Бактыбек Калмаматовду колдоп видео чыгарган.Анда партиянын алдынкы он талапкеринин тизмедеги номуру менен сүрөтү коюлуп, ал музыка менен коштолгон. Талапкерлердин арасында экс-депутаттар Бактыбек Калмаматов, Жылдызкан Жолдошева, мурдагы коргоо министри […]

БШК Равшан Жээнбековдун талапкерлигин каттады

Борбордук шайлоо комиссиясы тергөө абагында отурган Равшан Жээнбековду бир мандаттуу №16 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттады. Бул тууралуу боршайкомдун мүчөсү Кайрат Маматов билдирди.Равшан Жээнбеков «Кой-Таш окуясы» боюнча кылмыш ишинде фигурант катары өтүүдө. Ал 2019-жылы камакка алынып, 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин абактан бошотулган. Бирок ушул жылдын август айында кайрадан камакка алынган.Жээнбеков шайлоо […]