Садыр Жапаров ноябрь айында кайра Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушууга барат

Садыр Жапаровдун ноябрь айында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 8-жыйынынын алкагында Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуусу пландалууда. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди. Президент бүгүн Түркиянын Палаталар жана биржалар бирлигинин (TOВВ) президенти Мустафа Рыфат Хисаржыклыоглуну кабыл алды. Президенттин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, жолугушууда соода-экономикалык кызматташтыктын жана маанилүү долбоорлорду ишке ашыруунун актуалдуу маселелери […]

Тоңдо 19 жаштагы кыз жигитин акыркы сапарга узаткандан кийин өз жанын кыйган

Тоң районунда 19 жаштагы кыз жигити жол кырсыгына кабылып көз жумгандан кийин, өз жанын кыйды. Анын жансыз денеси көл жээгинен асылган абалда табылган. Маалым болгондой, кыз жигити жерге берилген күнү өмүрүн кыйган.Бул тууралуу Турмуш басылмасы жазды.Жеригиликтүү тургундардын айтымында кыздын жигити Бишкектен Бөкөнбаевге келе жатып Кант шаарында жол кырсыгына кабылып каза тапкан. Анын сөөгү 26-октябрь күнү […]

Бийлик эмдөө боюнча токтомго өзгөртүү киргизди. Дагы кимдер эмделиши керек?

Коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам эми маданият, эс алуу жана спорт тармагындагы кызматкерлер мындан ары эмдөөдөн, анын ичинде COVID-19га каршы эмдөөдөн өтөт. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты. Министрлер кабинети өкмөттүн 2001-жылы кабыл алынган «Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жөнүндөгү» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизген. «Көрсөтүлгөн токтом аркылуу республика аймагында жугуштуу илдеттер менен ооруп калуу кооптуулугу боюнча жана аны алдын […]

Шайлоо өнөктүгү расмий түрдө башталды. Жалпы 21 партия, өзүн көрсөткөн 321 талапкер катышат

Бүгүн 29-октябрдан баштап Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү расмий түрдө башталды. Үгүт иштери 27-ноябрга чейин уланып, шайлоо 28-ноябрда өтөт.Бир мандаттуу 36 округдан 321 талапкер катталды. Жана 21 саясий партия каттоодон өтүп, шайлоого бара жатат.Каттоодон өткөн 21 партия: «Ата Мекен», «Ишеним», «Ынтымак», «Улуттар Биримдиги», «Ата-Журт Кыргызстан», «Ыйман Нуру», «Бүтүн Кыргызстан», «Альянс» «Азаттык», Улуу-Журт», «Мекенчил Эл», «Кыргызстан […]

Султанбаев: Президенттин чек ара тууралуу айтканын бурмалап жатышат

Президент Садыр Жапаровдун кыргыз-тажик чек арасы боюнча айткандарын айрым кызыкдар тараптар бурмалап жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. «Алар эки тарапты кайраштырууга аракет кылып, социалдык тармакка ар кыл жалган, текстти өз сөзү менен окуган видеоматериалдарды салышууда. Албетте, чек ара маселеси бир эле тараптын кызыкчылыгында чечилбейт. Сөзсүз түрдө эки тараптын тең кызыкчылыктары […]

Facebook компаниясы Meta болуп өзгөрдү

Facebook компаниясын атын Meta кылып өзөрттү. Бул тууралуу анын негиздөөчүсү Марк Цукерберг билдирди. Ошол эле маалда соцтармактын аты өзгөрбөйт. «Биздин миссиябыз ошол эле бойдон калат, ал — элдерди бириктирүү. Тиркемелерибиздин бренддери өзгөрбөйт. Жаңы ат биз басып өткөн бардык жолду жана биз кура турган келечекти чагылдырат. Мындан ары биз Facebook гана болгубуз келбейт… Мен биздин мета-ааламды […]

Талант Мамытов шайлоого катышуу укугуна ээ болуп, кызматынан кетти

Бишкек шаардык административдик соту Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду шайлоого катышуу укугунан ажыраткан БШКнын чечимин жокко чыгарды. Ошону менен Жогорку кеңештин төрагасы шайлоого катышуу укугуна ээ болуп, кызматын тапшырды.Ал шайлоо бүткөнгө чейин кызматтан четтеп, анын ордуна Аида Касымалиева төраганын милдетин аткаруучу болду. Бул туурасындагы маалыматты Касымалиева өзү тастыктады. «Төрага Талант Мамытов атайын тескеме чыгарып укуктарын […]