Тарых музейи ачылуу алдында турат

Кыргыз өкмөтү Улуттук тарых музейи үчүн программалык камсыздоону иштеп чыккан немис компаниясынын карызынан кутулду. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди. Анын айтымында, 225 млн евро көлөмүндөгү карыз мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөндү. Бирок азырынча музейдин качан ачылары белгисиз. Ноябрь айынын аягында ишкананын өкүлдөрү Кыргызстанга келип, программалык камсыздоону ишке киргизишет. «Ошондон […]

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 миллиард куб метрден дагы ылдыйлады

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 миллиард 920 кубометрди түздү. Бул тууралуу «Электро станциялар» ишканасы билдирет. Маалыматка караганда, бир ай ичинде суунун көлөмү 385,72 миллион кубометрге азайган. Белгилей кетсек, өткөн жылы бул убакта Токтогулда 14,7 миллиард кубометр суу бар болчу.

Жеңиш Молдокматов жакындарынын телефондору тыңшоого алынып жатканын билдирди

Бүгүн, 2-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту 2020-жылдын октябрындагы массалык башаламандык боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнү улантууда. Отурум башталардан мурун айыпталуучу, «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов камерасында тинтүү жүргөнүн жана укук коргоо органдары жакындарынын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшап жатканын билдирди. «Төрт күн мурун мен отурган камерада тинтүү жүргүзүп, эч нерсе табышкан жок. Андан кийин жубайымдын жана […]

Садыр Жапаров Улуу Британиянын королдук үй-бүлөсү тарабынан уюштурулган салтанатка катышты

1-ноябрда Глазго шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын Дүйнөлүк лидерлеринин саммитинин алкагында Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландия Королдук үй-бүлөсүнүн атынан кабыл алуу болду. Салтанаттуу кабыл алууга Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Падыша үй-бүлөсүнүн атынан меймандарды Ханзаада Чарльз кабыл алды. БУУнун климат боюнча […]

Президент шайлоону таза өткөрүү боюнча жарлык чыгарды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров «28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгонун басма сөз кызматы кабарлады. Жарлыкта Министрлер кабинетин жана аймактардагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө шайлоону таза өткөрүү боюнча талаптар жазылган. Анда бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүү жана мамлекеттик кызматкерлердин үгүт иштерине кийлигишүүсүнө тыюу салынган. Борбордук […]