Стамбулда Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев жолугушту

Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда, Түркия Республикасынын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин саммитинин (ТМКК) алкагында, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет. Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө байланыштарды кеңейтүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёев менен […]

Жыл аягына чейин күйүүчү майдын баасы дагы 12 сомго кымбаттайт

Өлкө боюнча жыл аягына чейин жаңы жылды утурлай өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын литрине болгон баа дагы 12 сомго ал эми бензиндин литри 7-8 сомго жогорулашы ыктымал. Бул тууралуу маалыматты Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Канатбек Эшатов билдирди. Анын айтымы боюнча, учурда нефтетрейдерлер дизель отунуна болгон таңкыстыкты байкап жатышат

ИИМ Жаныш Бакиевдин сүрөтүн алып салды

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Жаныш Бакиевдин сүрөтүн илгени үчүн коомчулуктан кечирим сурады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Жаныш Бакиевдин сүрөтү адашып илингендиги айтылат. «Ката оңдолду. Сүрөт алынды», — дейт ИИМ. Эскерте кетсек, кечээ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматын жетектеген инсандардын бурчу ачылып, ага мурдакы жетекчилердин сүрөтү илинген. Алардын […]

Адахан Мадумаров административдик ресурс колдонууга айыпталууда

БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Адахан Мадумаровдун үстүнөн түшкөн арызды БШКнын оперативдүү координациялык тобуна жөнөттү. Кайрылууда Куршаб айылында үгүт иш-чарасынын алкагында Мадумаровду жашы жете элек кыздар тосуп алып, улуттук тамак-аш менен сыйланганы айтылат. Буга байланыштуу Мадумаров административдик ресурс колдонгон деп шектелүүдө. Бул факты боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы текшерүү жүргүзүп жатканын билдирди. Эске сала кетсек, Жогорку […]

Садыр Жапаров Стамбулда ири бизнес өкүлдөрү менен жолукту

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркиядагы иш сапарынын алкагында ири бизнестердин өкүлдөрү менен жолукту. Белгилей кетсек, өлкө башчы Стамбул шаарындагы Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңешине (ТМКК) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитине катышууда. Президенттин маалымат кызматынан билдиргендей, Жапаров түркиялык ишкерлерди Кыргызстанга активдүү инвестиция салууга чакырды. Ал инвесторлорду колдоо жана укуктарын коргоо боюнча чаралар көрүлүп, чет элдик ишкерлер үчүн […]