Казакстан күйүүчү майды өлкөдөн сыртка чыгарууга тыюу салды

Казакстандын Энергетика министрлиги жана Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы, Казакстандын Каржы министрлиги жана Ички иштер министрлиги өлкөдөн бензин жана дизелдик отунду сыртка экспорттоого тыюу салуу боюнча биргелешкен буйрукка кол коюшту. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.«Казакстан Республикасынын аймагынан автотранспорт менен бензинди, дизель майын жана мунай продуктуларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга 6 айлык мөөнөткө тыюу салынды, […]

Ата-энесинен ажыраган алты бала үйлүү болушту

Ата-энесинен ажыраган алты бала өздөрүнө тиешелүү болгон батирлерди алышты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, прокуратура жетим балдардын укуктарын коргоого багытталган мыйзам талаптарынын аткарылышы боюнча мамлекеттик жана муниципалдык органдарды текшерген. «Натыйжада Бишкек шаардык мэриясы тарабынан мыйзам талаптары бузулуп, мурасталган кыймылсыз мүлктү аныктоо жана турак жайга муктаж болгон жетим балдарды каттоо боюнча иштер […]

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон жумушчу сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 11-12-ноябрь күндөрү Түркия Республикасынын Стамбул шаарына болгон жумушчу сапары аяктады. Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчысы түркиялык ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушуп, анда инвестициялык жана өндүрүштүк кызматташтыктын келечеги, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү, айыл чарба, тоо-кен жана жеңил өнөр жай, гидроэнергетика жана башка тармактарда өз ара аракеттенүү талкууланды. Жумушчу сапарын улантып, Садыр Жапаров Түрк Кеңешинин башка […]