20-ноябрда Улуттук тарых музейи расмий ачылат

20-ноябрда Улуттук тарых музейи расмий ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымында, ачылгандан кийин 10 күн бою музейге кирүү акысыз болот. «30-ноябрга чейин саат 10:00дөн 18:00гө чейин бардык жарандар музейге акысыз кире алышат», — деди министр. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жарандарга […]

Калыбына келтирилген Баткендин абалы: мамылар кулап, канализациянын люктары сынып, суу жок

Лейлек районунун Максат айылында жакында орнотулган электр мамылары кулап калды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар маалымат каражаттарына билдирди. Алардын айтымында, жакында эле орнотулган электр мамылары кулап калып, айылда эки күндөн бери электр жарыгы жок.«Жакында орнотулган бир нече мамычалар кулады. Азыр үйүбүздө электр жарыгы качан болоорун билбейбиз», — дешти алар.Белгилей кетсек, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматына […]

«Кара-Жыгач» жаңы конушунда 9 жашар бала асынып алды

Бишкектин «Кара-Жыгач» жаңы конушунда 9 жашар бала асынып алды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти. Маалыматка караганда, 17-ноябрь түнү жаңы конуштагы үйлөрдүн биринен 2012-жылы туулган баланын сөөгү табылган. Баланын апасы кошунасына чыгып кетип, кайра келгенде баласын асынып алганын көргөн. Учурда окуянын чоо-жайы текшерилип жатат.

Бишкекте троллейбус жана автобустар 22:00 гө чейин иштейт

Бишкек мэриясы троллейбустар менен автобустар саат 22.00гө чейин иштеп жатканын билдиришти.Метрополитен троллейбустары жана автобустары шаардыктарды саат 22.00гө чейин тейлейт.Маалыматка каарганада учурда 120 троллейбус жана 73 автобус иштеп жатат. «Ошондой эле шаардыктарды линия боюнча 1 миң 96 кичи автобус тейлейт», — деп кошумчалады муниципалитеттен.

Таттыбүбү Турсунбаеванын образын чагылдырган жаңы бюст жаралды

Скульптор Тамила Маматова кыргыз киносуну жүзү, эмгек сиңирген артист, актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын бюстун жасады. Бул тууралуу скульптор өзүнүн фейсбук баракчасында бөлүшүп, чыгармачылыгын жарыялаган.Анын айтымында, бул бюст чоподон жасалган. Аны скульптор досторунун өтүнүчү менен жараткан.«Азыр бош убактым көбүрөөк болуп, мен көптөн бери каалаган нерсем менен алектенүүнү чечтим, айрыкча тааныштарым да суранып, кызыгып жаткандыктан Таттыбүбү Турсунбаеванын чоподон […]

«Алтын-Казык» конушунун жарыгы карыздан улам өчүрүлгөнү кабарланды

«Түндүк электр» ишканасы Бишкектин четиндеги «Алтын-Казык» конушунда электр жарыгы эмнеге өчүрүлгөнү тууралуу түшүндүрмө берди. Мекеменин маалыматы боюнча, «Алтын-Казыкта» жашаган абоненттин карызы 301 миң 527 сомго жетип, 16-ноябрда конушта жарык өчүрүлгөн. Бул аймактын жер тилкеси трансформация боло электигине байланыштуу «Түндүк электр» конуштун тургундары менен келишим түзө албайт. Буга байланыштуу Келдибекова аттуу абонент жашоочулардын атынан бөлүштүрүүчү компания […]

«Ош электр» станциясы жылычкычтарга мөөр басылганын ырастады

«Ош электр» ишканасы өз кызматкерлери Баткен облусунун Кадамжай районунда үйлөргө рейд жүргүзүп, жылыткычтарга мөөр (пломба) басып жатканын ырастады. Мекеме мындай чаралар энергоресурстарды үнөмдүү пайдалануу жана авариялык абалды алдын алуу үчүн жасалып жатканын билдирди. Буга байланыштуу «Ош электр» Ош, Баткен облустарында жана Ош шаарында рейддерди уюштуруп жатканын кошумчалады. Анын жүрүшүндө, токту чектен ашыкча колдонгон учурлар аныкталып, […]