UFC чемпиону Валентина Шевченко Бишкекке келет

UFC чемпиону Валентина Шевченко Бишкекке 21-ноябрда келет. Бул тууралуу WEF кулатуу эр Таймаш федерациясы билдирди.Маалым болгондой, 22-ноябрда Шевченко күйөрмандары менен жолугуп, маалымат жыйынын өткөрөт. Жолугушуу боюнча спортчу социалдык тармактагы баракчасына төмөнкүлөрдү билдирген:« Мен үчүн абдан жагымдуу жаңылыкты сиздер менен бөлүшкүм келет. Мен жакында Бишкекте болом жана сиздер менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтөм. Көрүшкөнчө!» — деди […]

Садыр Жапаров: Жүрөгүмдүн 99 пайызын Баткен ээлеп турат

2022-жылы Баткенде бир катар ишканалар ачылып, жумуш орундары түзүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Баткен облустук медиа борборуна берген маегинде билдирди. Анда ал облуска 30 жылдан бери көңүл бурулбай келгенин белгилейт.«Башка облустарга салыштырмалуу сугат жерлери да аз. Жердин көпчүлүк бөлүгү чопо топурак. Анан албетте элдин жашоо шарты начарлап кетип, айрым жарандарыбыз үйлөрүн сатып салып көчүп […]

Белгилүү хирург Мамбет Мамакеев коронавирустун оор түрүнө кабылды

Кыргызстандын 95-жаштагы белгилүү хирургу Мамбет Мамакеев коронавирустун оор формасы менен ооруп калды. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү басма сөз каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, Мамакеев коронавирустун оор формасы менен ооруп «кызыл зонада» дарыланган. Азыркы учурда ал үйүнө чыгарылган. Эскерте кетсек, Мамакеев «Спутник» вакцинасын алгачкылардан болуп алган. Учурда реабилитациялык дарыланууну улантууда.

«Социал- Демократтар» партиясы УКМКнын МОмбековдун диплому боюнча билдирүүсүнө жооп берди

“Социал-демократтар” партиясы депутаттыкка талапкер Рыскелди Момбековдун дипломуна байланыштуу УКМКнын билдирүүсүнө жооп берди.Партиянын 18-ноябрда тараткан маалыматында УКМК Рыскелди Момбековдун жогорку билими боюнча дипломун текшерип жатышын оппозициялык депутатка карата бийликтин басымы деп бааланган.“Момбеков 2010, 2015, 2020-жылдары депутаттыкка талапкер болгон. Быйыл революция учурунда парламентте кабинеттер талкаланып, анын дипломатиялык паспорту, диплому жана жеке документтери жоголуп кеткендиктен быйыл БШКга дипломунун […]

Акылбек Жапаров Орусия өкмөтүнүн башчысы Михаил Мишустин менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Тараптар салык жана бажы органдарынын ишин санариптештирүү, анын ичинде салык башкаруу тутумун техникалык жана программалык өнүктүрүу боюнча маселени талкуулады. «Биз «жакыр» өлкө синдромунан баш тартуудабыз жана колдогу бардык жеке ресурстарды […]

БШК талапкер Камчыбек Жолдошбаевди жарыштаны четтетти

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Камчыбек Жолдошбаев жарыштан четтетилди. Мындай чечим 18-ноябрда БШКнын 11 мүчөсүнүн добушу менен кабыл алынды. Эске салсак, УКМК Жолдошбаевдин кудасы добуш сатып алууга шектелип кармалганын билдирген. Анын райондук жана үй комитеттеринин айрым төрагаларын мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүүгө, шайлоочуларды акчалай сыйлык алуу үчүн сатып алууга көндүргөнү аныкталганы айтылган. Бул боюнча УКМК Борбордук шайлоо […]

Татарстандын президенти Рустам Минниханов кыргызстанга келди

Татарстандын президенти Рустам Минниханов 18-ноябрда Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов тосуп алды. Миннихановдун сапарынын алкагында мамлекет башчы Садыр Жапаров менен эки тараптуу жолугушуу болору күтүлүүдө. Мындан тышкары, анын кыргыз-татар ишкердик форумуна жана башка иш-чараларга катышуусу пландалууда.