Жапаров: Менин душмандарым бийликте эле эмес, эл ичинде да бар

Бүгүн, 22-ноябрда президент Садыр Жапаров Сокулук районундагы бир нече жаңы конуштардын жашоочулары менен болгон жолугушууда көмүрдүн баасы боюнча кырдаалга токтолду.⠀Жергиликтүү тургундар ага нааразычылыктарын билдиришип, айрымдары президентке ишенерин, бирок анын иштешине тоскоол болгон душмандары көп экенин белгилешти. Бул пикирге президент да макул болуп, көмүрдү мисал кылып айтты.«Менин душмандарым бийликте эле эмес, эл ичинде да бар, бир […]

Калмаматов: «Садыр Жапаров чет өлкөгө барып келген учактын бензинин актабай жатат»

Оппозициялык саясатчы Бактыбек Калмаматов жергиликтүү ютуб каналдардын бирине маек берип жатып, өлкөнүн тышкы саясаты жана Садыр Жапаровдун чет өлкөлөргө болгон сапарынан майнап чыкпай жатканын сындаган. «Мен бир жыл мурда айткам, менин айтканым туура чыкты. Садыр Жапаров ууру-кескилердин колунда барымда калды. Бир жылда көптөгөн өзгөрүүлөр болду. Бирок, тилекке каршы элге каршы өзгөрүүлөр болуп калды. 34 сомдук […]

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Москвага учуп кетти

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Москвага жөнөп кетти. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш сапардын алкагында Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен жолугушуу пландалып, анда эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланат. Сапар тууралуу макулдашуу үстүбүздөгү жылдын 18-19-ноябрында Ереванда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында өткөн Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен эки тараптуу […]

Шайлоо 2021: 3 миллион 702 миң бюллетень даярдалды

«Учкун» ААКсында бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттарды, бирдиктүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн даярдалган шайлоо бюллетендерин кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысына кол коюлду. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Шайлоо документтери Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарындагы бардык округдук шайлоо комиссияларына, Бишкек жана Ош […]

Акылбек Жапаров Кумтөр кени боюнча билдирүү жасады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөр кенинин айланасындагы акыркы окуялардын өнүгүүсүнө байланыштуу төмөнкү билдирүү менен чыкты: «Мындан бир нече саат мурда, канадалык убакыт боюнча 19-ноябрда, кечке маал биржалык соода жыйынтыкталган соң, Centerra Gold Inc. компаниясы аларга мындан ары кыргыз элинин улуттук мурасы — Кумтөр кени таандык эместигин тааныгандыгы тууралуу чечим кабыл алды. Centerra Gold Inc. өзүнүн […]

Ош облусунун райондорунда тоннасы 3 миң сомдон көмүр сатыла баштады

Ош облусунун райондорунда тоннасы 3 миң сомдон көмүр сатыла баштады. Бул тууралуу облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган көмүр Өзгөн районунун 15 жаш айылындагы карьерден алынып келинип, буга чейин Ош облусунун аймагында иштеп жаткан социалдык базаларда сатылат. Көмүрдүн сапаты атайын адистердин текшерүүсүнөн өткөрүлгөн. Тургундар арзан көмүр сатылуучу базалардын даректерин райондук […]