Президент Шевченконун апасына шырдак, машыктыруучусуна жаа белек кылды

Президент Садыр Жапаров UFC чемпиону Валентина Шевченконун апасы Елена Шевченкого шырдак, ал эми машыктыруучусу Павел Федотовго жаа белекке берди. Бул тууралуу спортчунун апасы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кабарлады.Кыргызстандын Тайбокс федерациясынын президенти Елена Шевченко «Сонун белек үчүн ыраазычылык» деп өлкө башчынын аккаунтун белгилеген.Кечээ президент Садыр Жапаров мекенине келген UFC чемпиону Валентина Шевченкону кабыл алып, 1 миллион […]

Бишкек шаарында муктаж үй-бүлөлөргө көмүр таратылууда

Кувейт кайрымдуулук фонду Бишкек шаарынын Биринчи май районунун тургундарына колдоо көрсөтүп, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү көмүр менен камсыз кылып жатат. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 23-ноябрда шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, район башчысы Жамалбек Ырсалиев да 150 муктаж үй-бүлөгө катуу отун (ар бирине 10 каптан көмүр) таратууга катышты. Белгилей кетсек, буга чейин […]

Шевченко: Кыргызстан менин мекеним, өзүмдү мекенимде бактылуу сезем

«Кыргызстан менин мекеним, мен ушул жерде өскөм, биздин өлкө уникалдуу, эли боорукер, кооз жаратылыш, тамак-ашы жөнүндө айтпай эле коеун», — дейт UFC чемпиону Валентина Шевченко.⠀Ошондой эле Шевченко өз мекенинде өзүн бактылуу сезээрин кошумчалады.Ал келечекте Валентина Шевченко атындагы аралаш мушташ академиясын ачуу зарыл деп эсептейт.«Бирок азыр мен үчүн негизги артыкчылык профессионал мушкер болуу»- деди ал. Турмушка […]

1-декабрдан тартып Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы аба каттамдары көбөйөт

1-декабрдан тартып Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы туруктуу аба каттамдарынын саны көбөйөт. Бул тууралуу Москвага жумушчу сапары менен барган Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолукканда белгилүү болду. Кыргызстандын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлагандай, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өкмөт башчылары соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана отун-энергетикалык тармактардагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүү маселелерин да […]