БШК Рыскелди Момбековду жарыштан четтетти

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого «Социал-Демократтар» партиясы менен катышып жаткан Рыскелди Момбековду жарышттан четтети. БШКнын жумушчу тобу талапкер дипломун мыйзамдуу жол менен алганын далилдей албаганына байланыштуу аны каттоодон чыгарууну сунуштады. Натыйжада БШКнын 10 мүчөсүнүн макулдугу менен Момбеков шайлоого катышуу укугунан ажыратылды.

Коррупция боюнча маалымат берген адам кандай шартта сый акы алат?

Коррупция боюнча маалымат бергендер кандай сый акы алат. Министрлер кабинети буйрукту бекиттиМинистрлер кабинети коррупциялык укук бузуу тууралуу маалымат берген адамга сый акы төлөөнүн тартибин бекитти. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген адамга сый акы төлөө бул иш боюнча ордун толтуруудан жана мамлекеттин кирешесине түшкөн каражаттардын […]

ЮНЕСКО Садыр Жапаров демилгелеген мөңгүлөрдү сактоо жөнүндө резолюцияны кабыл алды

ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 41-сессиясынын пленардык отурумунда Кыргызстан тарабынан демилгеленген «Тоо мөңгүлөрүнө мониторинг кылуу жана изилдөө иштерин кеңейтүү» резолюциясы бир добуштан кабыл алынды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган резолюцияны ушул жылдын сентябрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясында президент Садыр Жапаров сунуштаган. Резолюциянын башкы максаты — тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жана изилдөө маселелери боюнча […]

«Мадумаров Кыргызстандан чыгып кетти»- деген маалымат боюнча партия расмий билдирүү таратты

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров “Кыргызстандан качып кеткени” жөнүндөгү жалган маалымат “Азаттык” радиосунун атынан социалдык желеге таратылууда.22-ноябрда “Фейсбуктагы” айрым баракчаларда ушундай өңүттөгү кабар “Азаттыктын” эн белгиси (лого) менен кошо жарыяланган.“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Мунарбек уулу Мадумаров эки күн мурун Орусияга кеткенин, Москва жана Санкт-Петербург шаарларында шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп жатканын маалымдады. […]

“Түндүк электр” ишканасынын жетекчилиги алмашты

Азамат Кожомкулов өз каалоосу менен “Түндүк электр” ААКнын башкы директору кызматынан бошотулду.Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган кызматка Нурдин Осмонов келди.Тиешелүү чечимди “Түндүк электр” мекемесинин директорлор кеңеши кабыл алган.

Равшан Жээнбековдун тарапташтары Шайлдабекованын кетишин талап кылган акцияга чыгышат

Камакта жаткан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Равшан Женбековдун тарапташтары БШКнын жетекчисинин аракеттерине нааразылык акциясына чыгышат. Бул тууралуу активист Айсулуу Кудайбердиева журналисттерге билдирди.Анын айтымында, алар БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын аракетине канааттанбай, анын кызматтан кетишин талап кылышат.Акция бүгүн саат 11.00дө БШК имаратынын жанында өтөт.Ал арада Борбордук шайлоо комиссиясынын экс-мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Гүлнара Джурабаева Жээнбековдун үгүт […]

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кыргыз тилин билүүгө милдеттендирилет

Бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кыргыз тилин билүүгө милдеттендирилет. Мындай мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Демилгени Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия сунуштады. Анда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык мыйзамдын жаңы редакциясы иштелип чыккан. Жаңы мыйзамдын 11-главасы «Мамлекеттик тилди билүү милдети» деп аталат. Анын 32-беренесинде төмөнкүлөр мамлекеттик тилди билүүгө жана кызматтык милдеттерин […]