Ош шаарында коомдук транспортко жол кире кымбаттады

Ошто жол кире акысы 15 сомго кымбаттады. Бул тууралуу мэрия билдирди. Ош шаардык кеңештин депутаттары бүгүнкү жыйында Оштогу маршруткалардын акысын көтөрүү чечимин кабыл алды. Ага ылайык күндүз жол кире −15 сом, кечки 19.00дөн 21.00гө чейин 20 сом болот. Жаңы тариф 1-декабрдан баштап иштейт. Троллейбус жана автобустардын баасы өзгөргөн жок.

Кыргызстанда 2022-жылы хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

2022-жылдын март айында Кыргызстанда хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Хоккей боюнча эл аралык федерациясынын вице-президенти Айваз Оморканов жана Кыргызстандын хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов менен жолугушкан учурда белгилүү болду. Жолугушууда Айваз Оморканов 2022-жылы март айында Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу дүйнө чемпионаты өтө тургандыгын маалымдады.Мындан […]

Кумтөр иши. Жээнбеков, Сарпашев, Зулпукаров жана Нарымбаев абакта калтырылды

Экс- вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин камактагы мөөнөтү узартылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.Ушундай эле чечим Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровго карата да кабыл алынды.Иш боюнча эки айыпталуучу тең 2022-жылдын 30-январына чейин УКМКнын СИЗОсунда болушат.Ошондой эле Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбеков менен президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаевдин баш коргоо чарасы узартылды.Асылбек Жээнбеков […]

Ташиев: Укук коргоо органдарына 100гө жакын жаңы унаалар алынды

Жакынкы арада УКМКнын Ноокат жана Кара-Көл облустары боюнча бөлүмдөрүнүн жаңы имараттары ачылат. Бул тууралуу 24-ноябрда атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев Ат-Башы районундагы УКМКнын имаратынын ачылышында билдирди.Анын айтымында, УКМКнын Жумгал районундагы имаратында да курулуш иштери башталды. Ал келерки жылы бүткөрүлүп, ачылат.«Бүткүл Кыргызстан боюнча УКМКнын кызматкерлерине жашоого жана иштөөгө шарт түзөбүз. Бул учүн бизге эки жыл талап […]

Асылбек Жээнбекдун тарапташтары аны бошотууну талап кылып митингге чыкты

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун имаратынын жанында Кумтөр боюнча камакта жаткан экс-спикер Асылбек Жээнбековду колдоо митинги өтүүдө.Митингчилер аны камактан бошотууну талап кылышууда.Мурдагы жана азыркы депутаттар Төрөбай Зулпукаров менен Исхак Пирматовго “Кумтөр” иши боюнча айып тагылып, Пирматов айыпка жыгылган. Бул ишке тиешеси бар дагы бир адам, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов камактан бошотулду. Талант Узакбаев, Темир Сариев, Жоомарт […]