Жаңы шайланган депутаттардын кабинет талашып жатканы айтылууда

Парламенттин мурдагы басма сөз катчысы Ибрагим Нуракун уулу социалдык тармактагы баракчасына 7-чакырылыштын депутаттары келбей жатып эле кабинет талашып жатышкандыктарын айтып, келечектеги депутаттарга кеңештерин жазды.“Бир аз мурда бир телеканалдан кабарчы кыз телефон чалып: “7-чакырылыштын депутаттары келбей жатып эле кабинет талашып жатыптыр деп угуп атабыз. Сиз парламенттин мурдагы басма сөз катчысы катары мурда кабинеттер кантип бөлүштүрүлүп жүргөнүн […]

Президент: 1-январдан баштап дыйкандар жана фермерлер жер салыгынан бошотулат

Жаңы жылдан баштап дыйкандар менен фермерлер жер салыгынан бошотулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн соцтармактагы баракчасына билдирүү жасады. Президент айыл чарбасына байланыштуу жарлык чыгарганын билдирген.“Жарлыкка ылайык, дыйкандар менен фермерлер жер салыгынан бошотулат. Бул иш аз да болсо сиздерге жеңилдик берүү, дыйканчылыкты колдоо максатында болуп жатат. 2022-жылдын 1-январынан баштап сугат жер, кайрак жер, жайыт жана […]

Сокулукта өспүрүм кызды зордуктоого шектүү жаран кармалды

Сокулук районунда 1990-жылы туулган жаран жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.Маалым болгондой, 2021-жылдын 5-декабрь күнү Сокулук РИИБге белгисиз адам 16 жаштагы кызга кол көтөрүп, зордуктаганы тууралуу маалымат келип түшкөн.Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.Милиция […]

Бүгүн президент Садыр Жапаров 53 жашка чыкты

Бүгүн, 6-декабрь өлкө башчы Садыр Жапаровдун туулган күнү. Ал 53 жашка толду. Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 1968-жылы Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында туулган. Ал 1991-жылы Фрунзе шаарындагы Дене тарбия жана спорт институтун аяктаган. 2006-жылы Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетин аяктап, «юрист» адистигине ээ болгон. 2021-жылдын 28-январынан тартып — Кыргыз Республикасынын Президенти.

Кыргызстанда орточо эмгек акысы 19 миң сомду түздү

Кыргызстанда 2021-жылдын январь-сентябрь айларында бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 19 миң сомду (19 635) түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 9,5%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин отчетунда маалымдалган.Ал эми Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий курска ылайык, 2021-жылдын январь-сентябрь айларында бир кызматкердин орточо айлык акысы 232 […]

Садыр Жапаровдун “Саясаттагы 10 жыл” китеби түрк тилине которулду

Президент Жапаровдун “Саясаттагы 10 жыл” аттуу китеби түрк тилине которулду. Бул тууралуу Кыргызстандагы Түркиянын элчилиги билдирди. Китепти кыргыз-түрк “Манас” университетинин окутуучусу Мехмет Улуташ которгон. Китепте 2005-жылдан берки саясий окуялар камтылган. Аскар Акаевдин бийликтен кетиши, Курманбек Бакиевдин бийликке келиши жана Жапаровдун коррупциянын алдын алуу агенттигин жетектеши ж.б. Китеп 2015-жылы жарыкка чыккан. Азыр Түркияда сатылып жатат.