Добуштардын 99,95 пайызы саналды. Парламенттин жетинчи чакырылышынын болжолдуу тизмеси

28-ноябрда Кыргызстанда аралаш система боюнча Жогорку Кеңешке шайлоо өттү. БШКнын маалымат тутумунун алдын ала маалыматы боюнча, урналардын 99,96 пайызы (автоматташтырылган эсептөөчү урнанын жана кол менен эсептөөнүн маалыматтары) иштелип чыккандан кийин 6 партиядан — 54 талапкер жана бир мандаттуу округдар боюнча — 36 талапкер парламентке өттү. «Ата-Журт Кыргызстан» 1. Төрөбаев Бакыт Эргешович 2. Исмаилов Фархат Даткабаевич 3. Сарыбашов Таалайбек […]

(Видео) Кызды зордуктоого аракеттенген жаранга Сокулуктан көчүп кетүү талабы коюлду

Сокулук районунда 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран 2 айга убактылуу кармоочу жайга камалды, деп билдирди бүгүн, 7-декабрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы. Облустук милициядан билдиришкендей, ал СИЗО-1ге киргизилет. Кечээ, 6-декабрда Кызыл-Туу айыл аймагындагы Исмаил айылында эл топтолуп, 2004-жылы туулган кызды зордуктоого шектелген тургундун атасын ортого алып, бул үй-бүлөдөн айылдан көчүп […]

Акылбек Жапаров Нур-Султанга жумушчу сапары менен жөнөп кетти

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нур-Султан шаарына (Казакстан Республикасы) жумушчу сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет. Сапардын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушуулардын өткөрүлүшү, экономикалык, күч жана маданий түзүм объектилерин кыдырып чыгуусу пландаштырылууда. Расмий делегациянын курамы: КРнын Казакстандагы элчиси — Дастан Дюшекеев; коргоо министри — Бактыбек […]

Экс-президен Сооронбай Жээнбековдун канча байлыгы бар

Мамлекеттик салык кызматы экс-президент Сооронбай Жээнбековдун киреше-чыгашасы тууралуу 2020-жылга карата тапшырган декларациясын чыгарды. Белгилей кетсек, Жээнбеков былтыр октябрь окуяларынан кийин президенттик кызматтан кеткен. Декларацияга ылайык, өткөн жылы Жээнбеков 944 138 сом киреше тапкан. Бирок «чыгашасы» деген графа толтурулган эмес. Мындан сырткары, ага 160 чарчы метрлик турак жай жана МТЗ-80 үлгүсүндөгү трактор таандык. Экс-президент 23 жер […]

Кыргызстанда бут кийим чыгарган фабрика ишке кирди

Кыргызстанда бут кийим өндүргөн жаңы фабрика ишке кирди. Бул тууралуу маалыматты Инвестиция жана өнүктүрүү агенттигинен кабарлады. Маалыматка ылайык, бут кийим ишканасы «Хейлунцзян» ЖЧКсынын буга чейинки долбоорунун (курулуш кол каптары менен жогорку сапаттагы илмектерин чыгаруу) каражатына ачылган. Өндүрүш 2019-жылы иштеп баштап, инвестициянын жалпы көлөмү 2 миллиард долларды түзгөн. «Өлкөдө бут кийим чыгарган мындай өндүрүштүн аналогу жок. […]

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы добуштарды кайра саноону талап кылууда

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы бир нече шайлоо участкаларындагы добуштарды кайра санап чыгууну өтүнөт. Бул боюнча саясий уюмдун өкүлдөрү БШКга кайрылышкан.Ыкчам жооп берүү боюнча координациялык топко жөнөтүлгөн арызда төрт УШКдагы жыйынтыктар – №2223, 2221, 2220, 2219 – протоколдордун тууралыгы менен бирге күмөн жаратканы айтылат.Кыргызстанда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарын шайлоо өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматы […]