Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров абактан бошотулду

Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров УКМКнын төргөө абагынан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан билдиришти. Эске салсак, Жээнбеков менен Зулпукаров үстүбүздөгү жылдын июнь айында «Кумтөр» долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалган. Ноябрдын аягында башкы прокурор Курманкул Зулушев парламенттен эл өкүлдөрүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук […]

Айтматов атындагы адабий сыйлыкка бөлүнгөн акча бир миллион сомго азайтылды

Залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов атындагы адабий сыйлыкка бөлүнгөн акчанын суммасы 1 миллион сомго белгиленди. Бул тууралуу чечим кечээ парламентте кабыл алынды. Белгилей кетсек, буга чейин сыйлыктын каражаттык компенсациясы 30 миң доллар, же 2,5 миллион сом өлчөмүндө болчу. Адабий мындай сыйлыкты тапшыруу салтанаты Санкт — Петербург шаарында КМШ ПАА жайгашкан Таврия сарайында өтөт.

Калмаматов: “Өлкөдө Бакиевдин бандиттик режими кайра орноду”

Оппозициялык саясатчы Бактыбек Калмаматов “Политклиника” медиасына маек берип жатып, өлкодө абсолюттук бандиттик режим орногонун, бир кездеги Бакиевдин режими орногонун билдирген.«Мен буга чейин деле айткам, биз абсолюттук хандык режимде жашап жатабыз. Адамдын айтка сөзү үчүн куугунтукка алынган заманга келип калдык. Мындай кысымды өз учурунда Бакиевдин маалында көргөнбүз. Адамдар камалып эле тим болбостон, кырктан ашуун эр-азаматыбыз атылып […]

«Улуттук энергохолдинг» жайында Казакстанга суу берилгенин тастыктады

«Улуттук энергохолдинг» компаниясы жай мезгилинде казак фермерлери үчүн Токтогул суу сактагычынан кошумча суу агызылганы тууралуу Казакстан премьер-министри Аскар Маминдин маалыматын тастыктады. Компания түшүндүргөндөй, Кыргызстан сууну Казакстан менен электр кубатын алмашуу келишиминин алкагында агызган. Жай мезгилинде берген суусун кыргыз тарап кышында электр кубаты түрүндө кайтарып алат. Казакстан менен жалпысынан 900 млн кВт/саат электр энергиясын жеткирүү боюнча […]

Депутат Казакстанга суу агызылышы боюнча Министрлер кабинетинен отчет талап кылды

Бүгүн парламенттин жыйынында депутат Дастан Бекешев Министрлер кабинетинен Казакстан Токтогул суу сактагычынан сууну кандай негизде алганы боюнча отчет талап кылды.Анын айтымында, жарандар кечээтен бери депутаттарга телефон чалганын токтото элек.«Жарандар эмне үчүн жай мезгилинде Казакстанга 330 млн куб суу бердик деп сурап жатышат. Ошол кезде дыйкандарыбызга суу жок деп айтканбыз. Көрсө биз элди алдап жүргөн экенбиз. […]

Кыргызстан Казакстандан миң автобус сатып алат

Казакстан 2022-жылы Кыргызстанга Yutong үлгүсүндөгү 1000 автобус жеткирет. Бул тууралуу меморандумга 8-декабрда Кыргызстандан Нур-Султанга барган өкмөттүк делегациянын сапары учуруна кол коюлду. Казакстан өкмөтү кабарлагандай, Кыргызстан коңшу өлкөдөн электр, газ жана дизель менен жүрө турган миң автобус жана казак өндүрүшүнөн чыккан 100 атайын техника сатып алат. Коомдук транспорт лизинг шартында берилет. Буга чейин өкмөт башчы Акылбек […]

Акылбек Жапаров Нурсултан Назарбаев менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын биринчи президенти — Нурсултан Назарбаев менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Жапаров менен Назарбаев эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелерин талкуулашкан. Ошондой эле соода-экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыктар, анын ичинде эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү тууралуу кеп кылышкан. Назарбаев өлкөлөр ортосундагы мамилени бир туугандык жана коңшулук жакын ымала […]