Аскар Акаевге I даражадагы Ломоносов атындагы сыйлык ыйгарылды

Кыргызстандын Тунгуч президенти Аскар Акаев бүгүн 17-декабрда Россиянын Илимий иштери үчүн М.В. Ломоносов атындагы I даражадагы премиясына татыды. Бул сыйлык Аскар Акаевдин физика-математика багытында жасаган эмгектери жана кошкон салымы үчүн ыйгарылды. Аталган сыйлык, илим чөйрөсүндөгү профессор, академиктерге берилүүчү эң жогорку сыйлыктардын бири болуп саналат. М.В. Ломоносов атындагы сыйлык I,II,III даражада жыл сайын үч гана инсанга […]

Жапаров: “Жанар иним, өзүңдүн ичиң толо арам болсо эле мени да өзүңдөй ойлобо”

Бүгүн Президент Садыр Жапаров фейсбуктагы баракчасы аркылуу кайрылуу кылып, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жана талапкер Токтобүбү Оргалча тууралуу пикирин билдирди. Президент өз сөзүндө Боршайкомдун ишине бийлик тарабынан эч кандай кийлигишүү болбогонун белгиледи.“Ар кандай саясий маселелерге байланыштуу ушак сөздөргө көңүл бурбай, жооп бербей эле коеюн дедим эле. Бирок айрым учурларда жооп бербесең, калктын калың катмары […]

Жолдошева: “Аттиң стабилдүүлүккө доо кетти…калганы эми жараткандын колунда..”

Саясатчы Жылдызкан Жолдошева 2020-жылдын 4-октябрында өткөн шайлоого“Мекенчил” партиясынын кандай кыйынчылыктар менен катышып, жеңишти кандай тарттырып жибергенин, эске салып быйылкы жылы бийлик оппозициялык партияларды ошондой жол менен өткөрбөй койгону тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында акыйкатсыздыкты көрүп, сезип келген Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров кайра эле ошол акыйкатсыздыкты жасап жатат.“Тарых үчүн жазып коёюн…4 октябрь 2020 […]

Бүгүн президент администрациясы менен футбол ойнойт

Садыр Жапаров башында турган президент администрациясынын командасы бүгүн, 17-декабрда, кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган достук оюнга катышат. Иш-чара Кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен уюштурулган. Аталган турнирдин башкы максаттарынын бири өлкөдө спортту жайылтуу жана өнүктүрүү, ошондой эле сергек жашоо образына үндөө экени белгиленет. Беттештерге президент администрациясынын, ата-мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес […]

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы 16-декабрда кыргыз-тажик чек ара аймагында ок атылган окуя катталганын кабарлады. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жарандары Баткен районунун Көчө-Бою аймагында курулуш иштерин жүргүзүп башташкан. Ал жерге Тажикстандын чек арачылары келип, курулушту токтотууну талап кылышкан. Кайым айтышуу чырга айланып, тажик күч кызматкерлери «Макаров» үлгүсүндөгү тапанчадан төрт жолу асманга ок […]