Президент Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына барды

Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда, иш сапары менен Санкт-Петербург шаарына келди (Россия Федерациясы). Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысынын учагы «Пулково» эл аралык аэропортуна келип конду. Эске салсак, сапардын алкагында мамлекет башчысы демилгечиси Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин болгон Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекет жетекчилеринин салттуу бейформал жолугушуусуна катышат.

Жанар Акаев мандат алат

Жогорку сот «Альянс» партиясына 3 квота бөлүү, алган добуштарынын саны боюнча жетинчи орунда турган Жанар Акаевдин ордуна квоталык негизде Токтобүбү Оргалчага БШКнын мандат берүү чечимин жокко чыгаруу боюнча Бишкек шаардык административдик сотунун чечимин колдоду. 15-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы бирдиктүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү деп тааныды. “Альянс” партиясынан депутаттык мандат бериле тургандардын […]

Алтынбек Жумаев Президенттин администрациясынын маалымат кызматын жетектейт

Алтынбек Жумаев Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Жумаев Алтынбек Мусаевич Кыргызстандын Президенттик Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Ушул жылдын 12-ноябрында Алтынбек Жумаев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси болуп дайындалган. Ага чейин 7-каналдын директору кызматын аркалаган.

2022-жылы мамлекеттик кызматкерлердин жана укук коргоо органдарынын эмгек акысы жогорулайт

2022-жылы мамлекеттик кызматкерлердин жана укук коргоо органдарынын эмгек акысын жогорулатуу пландалууда, деп билдирди Каржы министрлиги. Бүгүнкү күндө социалдык кызматкерлер (мугалимдер, дарыгерлер, маданият кызматкерлери) аз айлык алышат. Андыктан келерки жылдын артыкчылыктуу милдеттеринин бири аларды көбөйтүү болуп саналат, деп жазат министрлик. «Азыр биз Министрлер кабинети менен биргеликте кантип көбөйтүүнүн варианттарын иштеп жатабыз. Эмгек акыны жогорулатууну социалдык чөйрөдө […]

«Бала-Саруу» ГЭСин куруу үчүн $22, 9 миллион бөлүндү

«Чакан ГЭС» ачык акционердик коому Талас облусундагы Киров суу сактагычына «Бала-Саруу» ГЭСин куруу үчүн Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан $22, 9 миллион өлчөмүндө каржылоо алат. Тийиштүү чечим министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган. Белгилесек, «Бала-Саруу» ГЭС курулуш долбоору жалпы кубаттуулугу 25 мегаватты түзөн, үч генераторлуу, орточо 92 млн кВт.с өлчөмүндөгү электр энергиясын иштеп чыгаруучу чакан ГЭСти түшүндүрөт. Аталган […]