2022-жылы мамлекеттик кызматкерлердин жана укук коргоо органдарынын эмгек акысын жогорулатуу пландалууда, деп билдирди Каржы министрлиги.
Бүгүнкү күндө социалдык кызматкерлер (мугалимдер, дарыгерлер, маданият кызматкерлери) аз айлык алышат. Андыктан келерки жылдын артыкчылыктуу милдеттеринин бири аларды көбөйтүү болуп саналат, деп жазат министрлик.
«Азыр биз Министрлер кабинети менен биргеликте кантип көбөйтүүнүн варианттарын иштеп жатабыз. Эмгек акыны жогорулатууну социалдык чөйрөдө баштоо сунушталууда», — деп айтылат билдирүүдө.