Нурсултан Назарбаев Казакстандан чыгып кетүүгө даяр экени айтылды

Нурсултан Назарбаев өлкөдөн “дарылануу үчүн” кетүүгө даяр, деп билдирди “Эхо Москвы” телеканалынын башкы редактору Алексей Венедиктов Орусиянын Тышкы иштер министрлигиндеги булакка таянып.Буга чейин Назарбаевдин кызы Динара менен анын күйөөсү Тимур Кулибаевдин жеке учагы Кыргызстанга жөнөп кеткен. Учакта Назарбаевдин үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрү да болушу мүмкүн.Эске салсак, 4-январда Казакстанда газдын кымбатташына байланыштуу массалык нааразылык акциялары өттү. Бир […]

Садыр Жапаров Казакстандагы кырдаалга көз салып турганын билдирди

Өлкө жетекчилиги боордош Казакстандагы кырдаалга көз салып турат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. «Кыргыз тарап жалпы казак элинин жыргалчылыгына жана өлкө келечегине багытталган туура жана алгылыктуу чечим табыларына ишенет», — деди ал.

Казакстандагы демонстранттар бийликтен эмнени талап кылууда?

Казакстандагы нааразычылык акциялары 2-январда Мангистау облусунда Жаңыөзөн шаарында батыш аймактарда көпчүлүк унаалар колдонгон суюлтулган газдын баасы кескин көтөрүлгөндөн кийин башталган. Бүгүн, 5-январга караган түнү өлкөнүн башка шаарларында да нааразылык акциялары өттү. Анда миңдеген адамдар көчөгө чыгышты. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 5-январда саат 1:30дан 19-январдын түн жарымына чейин Алматы жана Мангистау облусуна өзгөчө абал киргизди. Өзгөчө […]

Казакстандагы кырдаал Кыргызстандагы бензиндин баасына кандай таасир этет?

Казакстанда акыркы болуп жаткан кырдаалга байланыштуу суюлтулган газга, бензинге жана дизелдик отунга (күйүүчү-майлоочу май) болгон бааларды 180 күнгө убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев социалдык-экономикалык абал боюнча жыйында билдирди.Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канатбек Эшатов Tazabek’ке мамлекеттик жөнгө салуунун киргизилиши жана коңшу өлкөдөгү курч кырдаал Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүүгө кандай таасирин тийгизерин […]

Казакстанда 200дөн ашык адам кармалып, 95 полиция кызматкери жаракат алды

Казакстандагы нааразылык акцияларында коомдук тартипти бузган 200дөн ашуун адам кармалды. Кагылышууда 95 укук коргоо кызматкери жаракат алганын Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлиги билдирди.Маалыматкак караганда, бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүү, бейбаштык, мамлекеттик имараттарга кол салуу боюнча 13 факты боюнча сотко чейинки тергөө амалдары жүргүзүлдү.«Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында милиция тарабынан коомдук тартипти бузуу фактыларына бөгөт коюу жана […]

Камчыбек Ташиев пневмонияга кабылып, жандандыруу бөлүмүнө түштү

4-январда эртең менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев пневмония менен ооруканага түшкөн. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү басма сөз каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, Камчыбек Ташиев учурда Республикалык жугуштуу оорулуулар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Камчыбек Ташиевден коронавирусту аныктоо үчүн тест алынды. Анын жыйынтыгы эртең менен даяр болору айтылды.

Казакстандын өкмөтү отставкага кетти

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирди. Тийиштүү жарлык 5-январда Акорданын сайтына жарыяланды. Расмий кабарга ылайык, өкмөт башчынын биринчи орун басары Алихан Смаилов убактылуу премьер-министрлик кызматты аркалайт. Өкмөт мүчөлөрү жаңы курам бекитилгенге чейин өз милдеттерин аткарууну улантат. Казакстандын Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларында газдын кымбатташына каршы акция 2-январдан бери уланууда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, […]