Касым-Жоомарт Токаев аскерлерге эскертүүсүз ок атууга буйрук берди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев армияга ок атууга буйрук берди. Бул тууралуу ал өз кайрылуусунда билдирди. «Укук коргоо органдарына жана армияга эскертүүсүз ок атууга буйрук бердим. Чет өлкөдө маселени тынчтык жолу менен чечүү үчүн сүйлөшүү жүргүзүүгө чакырып жатышат. Кылмышкер, адам өлтүргүчтөр менен кандай сүйлөшүү болушу мүмкүн? Биз куралданган, даярдалган жергиликтүү жана чет өлкөлүк бандиттерге каршы турууга […]

Парламент ЖККУнун алкагында Казакстанга аскер жөнөтүү чечимин колдоду

ЖККУнун тынчтык орнотуу миссиясынын алкагында Казакстанга аскер кызматкерлерин жөнөтүү боюнча президенттин чечимин Жогорку Кеңеш колдоду.Парламенттин жыйыны жабык эшик артында өттү.Маалыматка караганда, 69 депутат макул, 7 депутат каршы добуш берди.

Камчыбек Ташиев: Кыргызстандан Казакстанга 150 аскер барат

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) алкагында, эгер парламент макулдугун берсе, Кыргызстандан Казакстанга 150 аскер, 8 брондолгон техника, 11 машине барарын билдирди. Камчыбек Ташиев Казакстанга барган аскер күчтөрү жарандарга ок атпай турганын, бирок жагдайга эч ким кепилдик бербесин, алар коргонууга тийиш экенин билдирди. Маселе кызуу-талаш-тартышты туудургандан кийин […]

Бишкекте Казакстанга аскер киргизүүгө каршы акция бүгүн да өтүп жатат (Сүрөт)

Бишкек шаарындагы Ак үйдүн имаратынын жанына бүгүн, 7-январда да жарандар чогулду. Алар Кыргызстандын аскер кызматкерлерин Казакстанга ЖККУнун тынчтык күчтөрүнүн катарында жөнөтүүгө каршы болуп жатышат.• Кечээ, 6-январда да митинг өткөн болчу.Учурда болжол менен 30 чакты адам Жогорку Кеңештин депутаттарын кыргыз аскерлерин жөнөтүү маселесин колдоого албоого чакырып жатышат.Жогорку Кеңеш бүгүн, 7-январда кезексиз жыйынга чогулат. Парламенттин басма сөз […]

Казакстанда кылмышкерлерди жок кылуу операциясында 26 адам каза болду

Казакстанда кылмышкерлерди жок кылуу боюнча атайын операциялардын жүрүшүндө 26 адам каза болгон. Бул тууралуу “Хабар 24” мамлекеттик телеканалы Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.Дагы 18 куралчан адам жараат алды. Атайын операциялардын жүрүшүндө 3 миңден ашуун адам кармалган. Ошол эле учурда Алматыда атайын операция уланууда. Митингчилер «Мир» телеканалынын имаратын тоскону тууралуу маалымат бар. […]