Нурсултан Назарбаев учурда Нур-Султан шаарында экени маалым болду

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев учурда Казакстандын борбору — Нур-Султан шаарында экендиги маалым болду. Ал президент Касым-Жомарт Токаев менен түз байланышта болуп, бир катар консультациялык жолугушууларды өткөрүүдө. Бул тууралуу Назарбаевдин кеңешчиси жана басма сөз катчысы Айдос Үкүбай өзүнүн Твиттер баракчасына жазды. Айдос Үкүбайдын айтымында, Нурсултан Назарбаев учурда Казакстан менен жакын мамиледе болгон өлкөлөрдүн башчылары менен […]

Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Карим Масимов кармалды

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Карим Масимов кармалды. Бул тууралуу коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди. Ал мамлекетке чыкынчылык кылган деп шектелүүдө.Масимов Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчилигинен үч күн мурда, Алматыдагы башаламандыктар башталган кезде бошотулган эле.«Масимов жана башка бир нече киши мамлекетке чыкынчылык кылган деп шектелип, 6-январда тергөө абагына камалган»,- деп айтылат маалыматта. Атайын кызмат […]

Казакстанда башаламандыктан бизнеске келтирилген зыян 200,4 миллион доллардан ашык деп бааланууда

Нааразылык акцияларынан кийинки тополоңдо Казакстанда бизнеске келтирилген зыян 88,1 миллиард теңгеден (200,4 миллион доллардан ашык) ашты. Бул тууралуу “Атамекен” Улуттук ишкерлер палатасы билдирди.«Бизнеске келтирилген зыяндын жалпы суммасы болжолдуу эсептөөлөр боюнча 88,1 миллиард теңгеден ашыкты түздү. Алматыда — 86,8 миллиард теңге (197,4 миллион доллар), — деп айтылат билдирүүдө.Казакстан Республикасынын Улуттук Ишкерлер палатасынын маалыматы боюнча, өлкөнүн он […]