(Сүрөт) Казакстандагы башаламандыкта Кыргызстандын бир жараны каза болду

Алматы шаарында болгон тополоң учурунда Кыргызстандын жараны каза болду. Бул маалыматты Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев тастыктады. Интернеттен алынган маалыматтар боюнча, кыргызстандык жаран фитнес-машыктыруучу болуп иштеген. Анын жакындары өздүгүн аныкташкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, 6-январь күнү кыргызстандык жаран үйүнө келе жатканда жарадар болгон абышкага жардам берип жаткан учурда ок тийген. Каза болгон жарандын сүрөтү социалдык […]

Акылбек Жапаров ЖККУнун жыйынында Казакстанда кармалган кыргызстандыктар тууралуу сөз кылды

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президент Садыр Жапаровдун ордуна Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезексиз онлайн сессиясына катышты. Анда сөз сүйлөп, Казакстандагы тополоңго тиешеси бар делген кыргызстандыктар тууралуу маселе көтөрдү. «Акыркы күндөрү жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде кыргызстандыктардын Казакстандагы тополоңдорго, баш аламандыкка тиешеси бар экени тууралуу маалыматтар чыгып жатат. Ушундан […]

ТИМ Казакстанда Кыргызстандын дагы 5 жараны кармалып турганын билдирди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын компетенттүү органдары Кыргызстандын беш жаранын кармаганы боюнча маалымат таратты . Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирген.Бул маселе боюнча казак тарап менен тийиштүү иш жүргүзүлүп жатканы айтылды. Беш жаран боюнча маалымат 9-январга карата алынган. «Министрлик мекенине кайткысы келген кыргызстандыктарга колдоо көрсөтүү боюнча ишин улантып жатат. Элчилик Нур-Султан, Актөбө, Атырау, Актау, Кустанай, […]

Казакстандагы кырдаалга байланыштуу ЖККУ кезексиз сессияга чогулат

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 10-январда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кезексиз онлайн жыйынына катышат. Анда Казакстандагы соңку кырдаал жана аны жөнгө салуу жолдору талкууланат. Мунун алдында ЖККУнун Казакстанга жөнөтүлгөн аскерлеринин командири Андрей Сердюков аталган уюмдун жоокерлери Алматы менен анын жака-белиндеги стратегиялык объектилерди «көзөмөлдөп» жатканын, алар кырдаал толук жөнгө салынганча болорун кабарлаган. Ушул […]

Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов бошотулганы айтылууда

Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов эркиндикке чыкты. Маалыматты 10-январда «Сводка. АКИpress» редакциясы УКМКнын басма сөз кызматынан тастыкташты.Ал бүгүн, 10-январда Кыргызстанга алып келинет. Буга чейин казакстандык басылмалар митингге катышуу үчүн Кыргызстандан учуп барганын билдирген жарандын видеосун тараткан. Бул үчүн белгисиз адамдар ага 90 миң теңге убада кылышкан. Кийинчерээк кармалган адам белгилүү музыкант Викрам Рузахунов экени белгилүү болгон.Кыргызстандын […]

Президент Садыр Жапаров кыска мөөнөттүү эмгек өргүүгө чыкты

Садыр Жапаров 10-январдан тартып кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.Мамлекет башчысы өлкөдөгү жана чөлкөмдөгү кырдаал тууралуу толук маалымат алып турат. Министрлер кабинетинин жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилиги менен байланышта болот.

Кыргызстандык музыкант Викрам Рузакунов учурда кайсы мекемеде кармалып турганы белгилүү болду

Алматыда кармалган кыргызстандык Викрам Рузахунов шаардык кабыл алуу борборунда. Бул тууралуу Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев билдирди.Анын айтымында, музыканттын кармалганы боюнча расмий маалымат алуу азырынча кыйын. Кечээ кечинде кыргыз элчилиги Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде бул боюнча атайын иш алып барганын билдирген.«Бүгүн саат 08.30да мага телефон чалып, ИИМдин кабыл алуу бөлүмүндө экенин айтышты. Башкы консул […]

ТИМ кыргызстандык музыканттын тез арада бошотулуусун талап кылды

Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда Казакстанда болуп өткөн массалык башаламандыкка катышты деп шектелип кыргызстандыктын кармалганы тууралуу видео сюжеттин таралышына байланыштуу Казакстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Рапил Жошыбаев ТИМге чакырылды. Жолугушуунун жүрүшүндө тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Казакстандын элчисине КР жараны Викрам Рузахуновдун камалышына байланыштуу министрликтин нотасын тапшырды. Викрам Рузахуновго консулдун жолугушуусун […]

Өзбекстанда коронавирустун «омикрон» штаммы катталды

COVID-19дун «омикрон» деп аталган жаңы штаммы Өзбекстанга келген чет өлкөлүк жарандан табылды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, «омикронго» байланыштуу өлкөдө коомдук жайларда беткап тагынуу режиминин, социалдык аралыктын жана жеке гигиена эрежелеринин сакталышына көзөмөл күчөтүлдү. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссиянын чечимине ылайык, умрадан кайтып келген өзбекстандыктардан ПЧР-тесттин терс жыйынтыгы да талап […]

Бүгүн Казакстанда аза күтүү күнү

Бүгүн Казакстанда аза күтүү күнү өтүп жатат. Буга чейин коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев 10-январды жалпы улуттук Аза күтүү күнү деп жарыялаган. Ага ылайык, өлкөнүн желектери төмөн түшүрүлүп, ЖМКлардан көңүл ачуучу программалар токтотулат. Казакстандагы башаламандык учурунда 164 адам каза болгон. Анын ичинен экөө жаш бала, 18и күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери. Маалыматка караганда, Алматы шаарында 103, Кызыл-Ордо […]