Сот Бактыбек Калмаматовдун жактоочуларынын өтүнүчүн канааттандырган жок

Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда 11-январда камактагы саясатчы Бактыбек Калмаматовдун кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча жактоочуларынын арызы каралып, аны бошотуу өтүнүчү канааттандырылган жок. Саясатчынын жактоочулары Калмаматов кармалган учурда талапкер болгонун жүйө кылып, анын камалашын мыйзамсыз деп сотко арызданышкан. Сотко Бактыбек Калмаматов алып келинген жок. Анын бөгөт чарасын кароо 12-январда Бишкек шаардык сотунда каралат. Парламенттин мурдагы депутаты Бактыбек […]

Даараткананын тасмасын кескен акимдин орун басары иштен алынды

Чүй облусундагы Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин орун басары Самаган Мурcалиев кызматтан бошотулду.Ал тууралуу буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун басма сөз кызматы бүгүн, 11-январда билдирди. Ал эми райондун акими Курбанбек Айтибаевге сөгүш жарыяланды.С.Мурсалиев бул кызматка 2021-жылдын июлунда дайындалган болчу. Ал декабрдын аягында Төмөнкү Чүй айылында демөөрчүлөр тарабынан 1 980 000 […]

Токаев: “Элбасынын эмгеги менен өлкөдө абдан бай адамдардын катмары пайда болду”

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн парламенттин жыйынында премьер-министрликке талапкерлерди карап жатып, «Биринчи мамлекет башчысына, Элбасына рахмат. Эл аралык стандарттар боюнча өлкөдө абдан кирешелүү компаниялар жана бай адамдардын катмары пайда болду.»-деп билдирди.Токаевдин айтымында, Казакстан Республикасынын элине сый-урмат көрсөтүү жана аларга системалуу жана үзгүлтүксүз жардам көрсөтүү мезгили келди.«Өкмөт ишканалардын ассортиментин аныктап, алар менен фондго жылдык чегерүүлөрдүн көлөмүн […]

Кумтөр иши. Тайырбек Сарпашев үй камагына чыкты

Биринчи Май райондук соту мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин баш коргоо чарасын өзгөрттү. Маалыматты Биринчи Май райондук соту тастыктады.«Кумтөр боюнча Тайырбек Сарпашевге карата гана иш маңызы боюнча кароого соттун кароосуна жиберилгени белгилүү. Ал кызматташтык келишимине кол койду. Буга байланыштуу жактоочу тарап анын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылган. Сот бул өтүнүчтү канааттандырды», — деп […]

Сооронкулова: “Камчыбек Ташиевге ыраазычылык, элдин намысын жана өзүнүн беделин сактап калды”

Казакстанда кармалган кыргыз музыканты Вихрам Рузахуновдун жагдайына байланыштуу кыргыз бийлигинин анын ичинде УКМКнын аракетине жогору баа берилүүдө. Бул тууралуу пикирин оппозициялык саясатчы Клара Соорнокулова фейсбук баракчасына билдирүү жазып, Камчыбек Ташиевге алкыш айтты.«Камчыбек Ташиевке чоң ыраазычылык, күнөөсүз жараныбызды бошотуу менен дүйнөлүк коомчулуктун алдында жалпы элибиздин намысын, өзүнүн УКМКнын жетекчиси катары беделин сактап калды», — деген Соорнкулова.Эске […]

«Кумтөр» ишине айыпталган мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаевге сот өкүмү чыкты

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2021-жылдын 30-декабрындагы өкүмү менен Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгүндө (коррупция) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды.Сот аны 300 миң сом айыпка жыкты. Бул тууралуу жергиликтүү басма сөз каражаттары жазып чыгышты.Эске салсак,, Жоомарт Оторбаев 16-сентябрда «Кумтөр» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, 18-сентябрда УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. […]

Викрам Рузахуновдун жакындары кыргыз элине ыраазычылык билдиришти

Кечээ музыкант Викрам Рузахунов үйүнө кайтып келип, аны үй-бүлөсү жана достору тосуп алышкан. Социалдык тармактарга сүрөттөрдү Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын негиздөөчүсү Азис Абакиров жарыялады.«Викрам баарыңарга абдан ыраазы. Жакында баарыбызды концертине чакырат. Кыргызстандын жарандары, силер дүйнөдөгү эң мыкты жарандарсыңар”, — деп жазган ал. Ырчы Юлия Руцкая да Instagram баракчасына кайдыгер карабагандарга ыраазычылык билдирди.«Кыргызстандын, Орусиянын, Европанын бардык […]