Жогорку Кеңештин вице-спикерлери шайланды

Жогорку Кеңеште «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы көрсөткөн Жамиля Исаева, «Ишеним» фракциясынан депутат Нурбек Сыдыгалиев жана Алай округунан Улан Примов төраганын орун басарлары болуп шайланды. Парламент бүгүн түшкө чейин түзүмүн бекиткен. Ага ылайык, бул чакырылышта сегиз комитет түзүлөт, вице-спикерлердин саны үчкө жетти. Сессияда комитеттердин саны, аталышы жана төраганын орун басарларынын санына байланыштуу талаш-талкуу болду. Буга чейинки чакырылышта […]

Нурсултан Назарбаевдин тушунда Казакстанда кимдер байыган?

Кечээ Касым-Жоомарт Токаев Казакстандын биринчи президенти Назарбаевдин тушунда пайда болгон байлар элге системалуу түрдө жардам бериши керектигин айтты. Казакстандык эң бай бизнесмендер, анын ичинде Назарбаевдин үй-бүлөсү менен байланышы бар адамдар тууралуу — РБКнын материалында анализдер жарыяланды.“ Казакстандагы нааразылык акцияларынын жана баш аламандыктардын курч фазасы аяктагандан кийин, президент Касым-Жомарт Токаев 11-январда парламентте сөз сүйлөп, ири бизнестин […]

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча маалымат берди

Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы барасына билдирүү калтырып, анда 2021-жылдагы бюджеттин аткарылышы тууралуу кеңири маалымат берген. «Былтыр консолидацияланган, жөнөкөйлөтүп айтканда, өлкөбүздүн жалпы бюджети 281,3 миллиард сом деңгээлинде бекитилген. Республикалык бюджеттин тартыштыгынын баштапкы өлчөмү 8,5 миллиард сом деңгээлинде болжолдонгон. 2021-жылдын башында салык жана бажы төлөмдөрүн чогултуу бекитилген пландан артта калып жатканы байкалган. Май айынан тартып […]

Кыргызстанда коронавирустун «Омикрон» штаммы катталды

Кыргызстанда коронавирустун «омикрон» штаммы катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.Анын айтымында, коронавирусту аныктоо үчүн жүргүзүлгөн тестирлөөдө Бишкек жана Чүйдө «омикрондун» эки учур катталды. Өлкөдө COVID-19 коронавирустук инфекциясынын төртүнчү толкуну башталганы айтылууда.Бүгүн, 12-январга карата коронавирус 465 адамдан аныкталды.

Мадумаров депутаттарды сындады: «Биринчи класстын окуучулары да 7:30га кечикпей барат»

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров кесиптештерин тартипке чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн жыйында билдирди.Анын айтымында, депутаттар кечигип кеткендиктен жыйын кеч башталат.«Эгер парламенттин жыйыны саат 10.00гө белгиленсе, анда 9.55те залга кирүү керек. Биринчи класстын окуучулары 7.30да мектепке барышат. Келгиле, өзүбүздү тартипке салалы», — деди ал. Ошондой эле Мадумаров өз оюн айткан депутаттардын сүйлөө маданиятын сынга алды.«Эгер […]