Өкмөт 2022-жылы айлык, пенсия жана жөлөк пул көбөйөрүн билдирди

Министрлер кабинети Кыргызстандын 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу үчүн аткарыла турган иштердин планын бекитти. Бул тууралуу өкмөт билдирди. Анда бюджеттик сферада иштеген кызматкерлердин айлыгын жана пенсия менен жөлөк пулду көтөрүү маселеси камтылган. «2022-жылы бюджеттик сферада иштеген кызматкерлердин айлыгын 50 пайызга, андан кийин жыл сайын 20 пайызга көбөйтүү пландалууда. Пенсия менен жөлөк пул дагы […]

Бир адамдын өмүн алган лифтеги кырсыктын чоо-жайы

Бишкек шаардык кеңешинин комиссиясы бүгүн, 13-январда жыйынга чогулду. Анын жүрүшүндө «Бишкек шаардык лифт» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Майрамбек Саманчиев адам өмүрүн кыйган лифттеги кырсык тууралуу маалымат берди.• 11-январда Бишкек шаарындагы Улан-1 кичи районунда көп кабаттуу үйдөгү лифтте адам көз жумду. Эркек киши лифтке кыпчылып калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, 38 жаштагы А.К. лифтке […]

Кыргызстанда эки айга жеткидей ундун запасы бар

Бул тууралуу Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башчысы Рустам Жунушов 13-январда Бишкекте басма сөз жыйынында билдирди. Ал буга чейин түзүлгөн келишимдерге ылайык Орусиядан буудай алынып жатканын маалымдады. Казакстан чек арасын жапкан учурда өлкөдө өндүрүлгөн унду мыйзамсыз ташууга тыюу салуу аркылуу жана Орусиядан келген буудайдын эсебинен элди ун менен камсыз кылууга болорун айтты. Жунушов ундун баасы көтөрүлбөгөнүн, Талас […]

Кыргызстандын Казакстандагы аскерлери 14-январда кайтып келишет

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн тынчтык орнотуучу аскер контингенти 14-январда Алматыдан кайтып келет. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинен билдиришти.Министрликтин маалыматына караганда, аскерлер эртең түштөн кийин «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстанга келип, андан соң Токмактагы туруктуу жайгаштыруу пунктуна жөнөшөт.Белгиленгендей, Кыргызстандын аскерлери бүгүнкү күндө дагы Алматы ТЭЦ-2ди коргоодо кызмат өтөшүүдөЭске салсак, Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын 2-январында башталган. Мангистау […]

Байсалов: Окуучулар «Манас Ордого» экскурсияга барууга милдеттендирилет

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилерге барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет. Байсалов «Манас Ордо» улуттук комплексине барып, музейдин экспозциясы менен таанышты. Ал маалымдагандай, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, жакынкы арада республиканын булуң-бурчунан «Манас Ордого» милдеттүү түрдө экскурсияга келүүчү мектеп окуучуларын жылы […]

Казакстанда башаламандыктан кийин кармалгандардын саны 10 миңге жетти

Алматы шаарында соңку суткада өткөн аптадагы нааразылык акцияларына катышкан 1700дөй адамды кармады. Бул тууралуу шаардын комендатурасы кабарлады. Ага чейин 8000ден ашуун адам кармалганы кабарланган. Натыйжада акцияга катышкандан кийин кармалгандардын саны жалпы 10 миңге жакындады. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 12-январда Алматы шаарына тополоңдон кийин биринчи жолу барды. Токаевдин басма сөз катчысы Берик Уали кабарлагандай, президент анда […]

COVID-19. Бишкек шаары «Кызыл зонага» кирип, 742 адамдан оору аныкталды

Кыргызстанда 13-январга карата коронавирус дагы 742 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 632, Ош шаарында — 8, Чүй облусунда — 42, Ош облусунда — 5, Талас облусунда — 8, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 22, Жалал-Абад облусунда — […]