12-кабаттан боюн таштаган студент кыз өлүм алдында жакындарына коштошуу катын жазган

Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн 12-кабатынан боюн таштап каза болгон кыз мессенджер аркылуу жакындары менен коштошкон. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Анын айтымында, маркум кыз WhatsАpp мессенджери аркылуу жакындарына коштошуу билдирүүлөрүн калтырган. «Атасы жок болгон, апасы Орусияда болгонуна байланыштуу кыздын сөөгүн таякелери алып кетти», — деди Сыдыков. […]

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурдагы жетекчиси Василий Дашков үй камагына чыкты

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси Василий Дашковго карата козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу 24.kg басылмасы өздүк булактарына таянып жазды.Басылма билдиргендей, Бишкектин Биринчи май райондук соту Дашковду ден-соолугуна байланыштуу УКМКнын тергөө абагынан үй камагына которду.«Кыргыз темир жолу» ишканасынын экс-директору Василий Дашков 2021-жылдын 18-майында УКМК тарабынан жемкорлукка шектелип кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук […]

Адахан Мадумаров сурактан чыкты

Депутат Адахан Мадумаров Башкы прокуратурадагы сурактан чыкты.Саясатчы эмне үчүн чакырылганын түшүндүргөн жок.«Мен бул жакка сый-урмат үчүн гана келдим. Эртең менен дарбазаны ачсам, үйүмдүн сыртында 10 чакты адам туруптур. Алардын арасында Ички иштер министрлигинин жана УКМКнын кызматкерлери болгон. Анан мени Башкы прокуратурага алып келишти. Тергөө иштери начар жүрүп жатат. Бул иш мага эле эмес, “Бүтүн Кыргызстан” […]

Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматова УКМКга суракка чакырылды

Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматова бүгүн, 14-январда саат төрткө УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу «Бүтүн Кыргызстан партиясынын өкүлү Улан Канат уулу журналисттерге билдирген. «Бирок кайсы маселеге байланыштуу суракка чакырылганынан маалыматым жок. Нарматованын өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болбой жатат», -деди ал.Атайын кызмат азырынча комментарий бере элек.Мунун алдында аталган фракциянын лидери Адахан Мадумаров да Башкы прокуратурага сурак […]

Казакстан: Назарбаев, Токаев, Путин, нааразычылык жана зордук-зомбулук

Жыл башындагы окуялардан соң Казак өлкөсүндөгү саясий абалды талдаган бир катар чет өлкөлүк басылмаларда анализдер жарыяланууда. Орусиялык басылмалар Назарбаевдик режимдин мындан аркы тагдырына жана социалдык нааразычылыкты жеңген бийликтин диктатордук режими союздаш өлкөлөрдө да колдонулуп калуу коркунучу боюнча макала жарыялады.Казакстандагы ыкчам окуялар, дээрлик тездетилген кинодогудай, тынымсыз дүйнөнүн көз алдынан өтүп, бул окуяларды түшүнүү көпкө чейин уланат. […]

Олимпиаданын жана дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүлөрүнө Бишкектен батирлер тапшырылды

Кыргызстандын күрөш боюнча чемпионатынын ачылышында Олимпиадада медаль тагынгандарга жана Дүйнө чемпиондоруна батирдин ачкычтары тапшырылды. Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Спорт жана дене тарбия департаментинин жетекчиси Канат Шабданбаев, Күрөш федерациясынын башчысы Мелис Турганбаев, спортчулар, демөөрчүлөр жана машыктыруучулар катышкан. Федерация президенти Мелис Турганбаев Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы жана күрөш […]

Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берип жатат

Депутат Адахан Мадумаров Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүндө сурак берүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып жазып чыкты.Маалыматкар караганда, Мадумаров бүгүн суракка чакырылганы такталды. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча күбө катары сурак берип жатат. Эске салсак, 2021-жылдын ноябрь айында президент Садыр Жапаров Баткен облустук телеканалына берген маегинде облустун жерлерин […]