Ошто Азиянын эки жолку чемпиону Эркул уулу Манастын сөөгү табылды

Ош шаарында балбан Эркул уулу Манас каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып маалымдоодо.Алдын ала маалыматтар боюнча, анын жансыз денеси эжесинин үйүнөн табылган. Бул тууралуу маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады. «16-январда саат 20:00дө милицияга Мамыров көчөсүнүн тургуну маркумдун каза болгону тууралуумилицияга кабарлаган. Натыйжада аталган даректен 1992-жылы туулган […]

Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын импорттоону улантууда

Өлкөнүн бардык энергетикалык объектилери штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.Анын айтымында, Бишкек ТЭЦи электр энергиясын көбүрөөк өндүрө баштады. Ал эми Токтогул ГЭСинде өндүрүш азайып кеткен.«Абал туруктуу, бардыгы кадимкидей иштеп жатышат. Кыш мезгили ырааттуу өтөт деп ойлойм. […]

Кумтөрдө өндүрүлгөн алтын боюнча Тениз Бөлтүрүк отчет берди

Министрлер кабинети «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн 2021-жылдагы иши тууралуу отчетун жактырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Отчетко ылайык, былтыр 14 миң 561 килограмм алтын өндүрүлгөн. Ишкана жыл башынан бери салык жана милдеттүү төлөмдөргө 13,6 миллиард сом которгон. Мындан улам төлөм 150% көбөйгөн. Алтынды сатуудан түшкөн дүң […]

Бишкекте 11 жаштагы баланы сүзүп чөнтөгүнө 200 сом салып, качып кеткен айдоочу изделүүдө

Бишкек шаарында 11 жаштагы өспүрүм баланы унаа сүзүп кетти. Бирок айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен.Бүгүн, 18-январда жабырлануучунун туугандары билдиргендей, кырсык кечээ, 17-январда кечки саат 19:30 чамасында Юнусалиев менен Койбагаров көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.Күмүш түстөгү «Тойота Марк 2» унаасынын айдоочусу өспүрүмдү сүзүп кеткенден кийин, баланы унаасына отургузуп, үйүнө чейин жеткирип, чөнтөгүнө 200 сом салып туруп, изин […]

Бишкекте 16 мектеп жана 1 бала бакча карантинге жабылды

18-январга карата Бишкек шаарында коронавируска байланыштуу 16 мектеп жабылды — 13 мамлекеттик жана 3 жеке менчик. Бул тууралуу Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынан билдиришти.Ошондой эле 1 бала бакча жабылды.Мындан тышкары мамлекеттик мектептерде 9 класс, жеке менчик мектептерде 10 класс жабылды.Бардык бул мектептердин окуучулары 2 жума бою онлайн окушат.

Адахан Мадумаров кайрадан Башкы прокуратурага суракка чакырылды

Депутат Адахан Мадумаров кайрадан Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүнө суракка чакырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги өздүк булактарына таянып жазды. Мадумаров кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча кайрадан сурак берери такталды.Андан сырткары ушул эле маселе боюнча суракка депутат Исхак Масалиев да чакырылган.Эске салсак, 2009-жылы Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп туруп, эки мамлекеттин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жетекчилиги астында […]

УКМК: Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалды

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков 17-январда коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) кабарлашты.Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, Бажы кызматынын жетекчилиги товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, аларга жеңилдетилген шарттарды түзгөн. Бажылык тариздөө мыйзамы одоно бузулуп, параны системалуу алып туруу үчүн жашыруун схемалар колдонулганы аныкталган.“Мындан тышкары Бажы кызматынын жетекчилиги […]