Нурсултан Назарбаев учурда Абу-Даби шаарында экени маалым болду

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев учурда Абу-Дабиде экени маалым болду. Бул тууралуу Индиянын Wion телеканалы билдиргенин Орусиянын телеграмм каналдарында жазышууда.Маалыматка караганда, ал 18-январда өлкөдө бир жумадан бери жүргөн Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен жолугушкан.эске салсак, Элбасы өлкөдөгү башаламандыктардан соң публикага чыкпай жатып, кечээ өзүнүн ютуб каналы аркылуу казак элине кайрылуу жасаган. Ал өз […]

Азимбек Бекназаров менен Адахан Мадумаров жекеме-жеке суралат

Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Азимбек Бекназаров Башкы прокуратурага суракка чакырылды.Бекназаров кыргыз-тажик чек арасы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында суракка алынары белгиленген. Суракка депутат Адахан Мадумаров да чакырылган.Алдын ала маалыматтар боюнча, Бекназаров менен Мадумаровдун бетме-бет суралат.Эске салсак, 2009-жылы Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп туруп, эки мамлекеттин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жетекчилиги астында Кыргызстан […]

Активисттер Ысык-Көлдөгү Асман шаарынын курулушуна каршы

Бишкекте активисттер, юристтер, экологдор жана архитекторлор жыйынга чогулуп, министрлер кабинетине Ысык-Көлдүн биосфералык зонасына Асман шаарын куруу долбоорунан баш тартуу талабын талкуулашты.Активист Рыспек Байзаков Ысык-Көл облусуна шаар куруу чоң жаңылыштык деп эсептейт. «Тилекке каршы Кыргызстандын калкы эки лагерге — бизнес жана жарандык коомго бөлүнгөн. Ар кимдин өз көйгөйү бар. Граждандык балдарды бакканга кантип акча табам, бизнес […]

Жаңы Салык кодексине кол коюлду

Садыр Жапаров Салык кодексине кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Салык кодекси Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алынган. Салык кодексинин максаты болуп салык системасынын туруктуулугун камсыздоо, салыктарды администрациялоону оптималдаштыруу, салыктык жол-жоболорду санариптештирүү, ишкердик иштерди жүргүзүүдө бирдей шарттарды түзүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу саналат. Кодекс менен салык салууга карата 2 негизги ыкма каралган: […]

“Бийликке ким кол чабууда?” Бекешев менен Байсаловдун кайым -айтышы

Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Эдил Байсалов менен депутат Дастан Бекешевдин ортосунда оозеки чыр чыкты.Эл өкүлү санариптештирүү министринин милдетин аткаруучу Талант Имановдон алдыдагы пландары тууралуу сурады.«Президент кол койгон Салык кодексин эч ким таба албагандан кийин, бул санариптештирүүбү? Элдин жашоосун жеңилдетишиңер керек. План, программа менен эч кимдин иши жок, эл калкты тейлөө борборунда кезекке туруу менен убактысын […]

Жогорку Кеңеш өкмөттүн экономикалык абал боюнча маалыматын угат

Парламент 19-январдагы жыйынында министрлер кабинетинин өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал, жазгы-талаа жумуштарына карата даярдык жана коронавирустун жайылуусун болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматын угат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Кыргызстанда соңку күндөрү коронавирус менен ооругандар көбөйдү. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары. Буга байланыштуу борбор калаада 18-январдан тартып 10дон ашык мектеп жана бир […]

Аскар Акаев пандамемиянын өнүгүшүнө илимий математикалык изилдөө жасады

Кыргызстандын биринчи президенти, учурда Орусияда илимий ишмердүүлүк менен алектенип жүргөн Аскар Акаев жана Москва мамлекеттик университетинин ректору Садовничий пандемиянын өнүгүшүүнө математикалык изилдөө жүргүзүшүп, келечекте инфекциянын саны кыскарарын божомолдоду.Бул тууралуу макала РБК.ru басылмасына жарыяланды.“Экс-президент Акаев жана ректор Садовничий: COVID 2023-жылы жеңил формага өтөтМосква мамлекеттик университетинин ректору Садовничий менен Россиянын Илимдер академиясынын академиги, Кыргызстандын туңгуч президенти А.Акаевдин […]