Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев май айында Кыргызстанга келет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга жумушчу сапары май айынын аягында күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти менен Өзбекстандын инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаковдун жолугушуусунда белгилүү болду.Садыр Жапаров Өзбекстан Кыргызстандын абдан маанилүү тышкы саясаты жана стратегиялык өнөктөшү экенин айтты. Сардор Умурзаков ошондой эле жакшы коңшулук, ишеним жана стратегиялык өнөктөштүк маанайында өзбек-кыргыз мамилелерин жана кызматташуусун мындан […]

Садыр Жапаров “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР мыйзамына кол койду, — деп билдирет президенттин басма сөз кызматы. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 6-апрелинде кабыл алынган. Мыйзамдын максаты ресурстарды натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу жолу менен максималдуу пайдага жетүү, туруктуу өнүктүрүү жолу менен улуттун бакубаттыгын жогорулатуу болуп саналат. Мыйзам мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө […]

Октябрь окуясында жабыркагандар кайрадан Жээнбековду жоопко тартууну талап кылып чыгышты

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алдында 15-апрелде Октябрь окуяларында жабыркагандар, жарадар болгондор жана алардын жакындары дагы митингге чыгышты. Алар ошол кездеги президент Сооробай Жээнбековдун, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаевди жана ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин жоопко тартылышын талап кылышты. Буга байланыштуу Башкы прокуратурага кайрылып, жооп ала албай жатканын айтышты. Мындай дооматка башкы көзөмөлдөөчү орган […]

«Тазалык» ишканасын мурда УКМКда иштеген Султан Алыбаев жетектейт

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын жаңы директору болуп Султан Алыбаев дайындалды. Бул тууралуу вице-мэр Жамалбек Ырсалиев 15-апрелде ишкана кызматкерлеринин митингинде билдирди.«Кечээ кечинде дайындалды. Бул жаңы директор. Кызматкерлерге эч кандай кысым болбошу керек. Эртең кызматкер жумуштан кетсе, анда башкы инженер экөөңөр тең арыз жазасыңар», — деди вице-мэр Алыбаевге кайрылып.Ошондой эле Ырсалиев жекшемби күнкү эмгек акысын төлөө маселесин кароону […]

Армения орус газы рубль менен сатып ала баштады

Армения орус газы үчүн төлөмдөрдү рубль менен жүргүзө баштады. Бул тууралуу өлкөнүн Экономика министри Ваган Керобян билдирди. Анын айтымында, акыркы бир нече төлөмдөр рубль менен тиешелүү курс боюнча жүргүзүлгөн. “Газпромдун” расмий өкүлү Сергей Куприянов Арменияга газ жеткирүү келишиминде бир нече жылдан бери газды рубль менен төлөөгө мүмкүндүк берилгенин, бул мүмкүнчүлүк колдонулуп жатканын билдирди. Арменияны газ […]

«Тазалык» ишканасынын кызматкерлери Бишкек мэри менен жолугушууну талап кылууда

Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев митингге чыккан “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери менен жолугушууда. Бул тууралуу ишкананын жумушчулары билдиришкен.Алардын айтымында, митингген чыккандар Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыровдун алар менен жеке жолугушуусун талап кылышууда. Буга чейин муниципалдык ишкананын кызматкерлери (негизинен жүк ташуучу унаалардын айдоочулары) жумушка келбей, нааразылык акциясына чыгышкан. Алар ишканада ишти жакшы билбеген жетекчилер көп алмашарын билдиришти. Ошондой эле […]

Талгарбеков: Садыр Жапаровдун он жылдык иш-аракетин, эмгегин Акылбек Жапаров талкалады

Саясатчы, коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков өлкөдөгү саясий, экономикалык кырдаал жана жаңы пайда болгон оппозициялык уюм боюнча жергиликтүү басылмалардын бирине маек берди. Анда саясатчы Садыр Жапаровдун он жылдык иш-аракетин, эмгегин кабмин башчысы Акылбек Жапаров талкалаганын белгиледи.Бекболот байке, жаңы оппозициялык кыймылга көз карашыңыз кандай?Жакшы. Арасында Мамбетжунус Абылов, Сапар Аргымбаев, Бектур Асанов сыяктуу мекенчил, таза инсандар бар. Жаңы […]

Кыргызстандыктар майда тогуз күн катары менен эс алат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин кезектеги кеңешмесин өткөрдү, анын жүрүшүндө 20 ашуун маселе каралды. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча үстүбүздөгү жылдын май айындагы эс алуу күндөрүн которуу жөнүндө чечим долбоору жактырылды. Документке ылайык, беш күндүк иш жума графиги боюнча иштеген, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2022-жылдын 1-9-май күндөрүн […]

Президент акы төлөп унаа айнегин караңгылатуу жөнүндө мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө кодексине”, “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине”) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Мыйзамдын максаты — республикалык бюджетке салыктык эмес келип түшүүлөрдү көбөйтүү жана акы төлөө негизинде […]