Жаңы «Ак үйдүн» куруучу инвесторго 16 гектар жер кайдан берилгени белгилүү болду

Президенттик администрациянын жаңы имаратын кура турган инвесторлорго шаардын түштүк аймагынан жер тилкелери берилет. Бул тууралуу Президенттик аппараттын алдындагы социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча башкы дирекциянын жетекчиси Марат Турсунбеков билдирди.«Бул 16 гектар жер шаардын түштүк тарабында жайгашкан, бирок «Ысык-Көл» мейманканасынын маңдайында эмес. Президенттин иш башкаруучусу инвесторго колунда бар жерди сунуштайт. Анын көп жерлери бар. […]

Мадумаров: Эмне президенттин отура турган жери жокбу?

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Адахан Мадумаров Бишкекке президенттик администрациянын жаңы имаратын куруу долбоорун сынга алды.Дүйнөлүк банк менен Баткенди өнүктүрүүгө 50 миллион доллар бөлүү боюнча келишимди кароодо министрлер кабинети донор тараптын бардык шарттарына макул болуп 16 гектар жерди жеке компанияга берип жатканына нааразы болду.«Бүткүл дүйнөлүк банктын […]

Акылбек Жапаров маморгандарга кеңсе кагаздарын пайдаланууну кыскартууну тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президент администрациясынын аппараттык кеңешмесинин жүрүшүндө мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди. Ал президент администрациясына тийиштүү чечимди иштеп чыгып, киргизүүнү тапшырды, ага ылайык, мамлекеттик органдарга кеңсе кагаздарын пайдалануунун көлөмүн эки эсеге кыскартуу жана кеңсе кагазынын эки бетине басып чыгаруу тажрыйбасын киргизүү тапшырылат. Бул жөнөкөй чара учурдагы керектөөнү 50%га кыскартууга, натыйжада, өлкөнүн […]

Садыр Жапаров 19-20-апрелде расмий сапар менен Азербайжанга барат

Президент Садыр Жапаров 19-20-апрелде Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин чакыруусу менен Баку шаарына расмий сапар менен барат. Бул тууралуу КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев билдиргендигин президенттин басма сөз кызматы маалымдайт.Алдыдагы сапарынын алкагында Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу […]

Бишкекте мечиттин жанынан курал-жарак табылды

«Бишкекте мечиттин жанында ок атуучу курал-жарактар табылды», — деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы. Билдирүүгө ылайык, УКМК мыйзамсыз жүгүртүлгөн ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана баңгизаттарды аныктоо жана алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-аракеттердин алкагындагы ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынан ок атуучу куралдардын жана баңгизаттар бекитилген жайы табылды. Ыкчам маалымат боюнча, ушул жылдын 10-апрелине караган […]

Президенттин администрациясынын жаңы имаратынын курулушун «TS Group» компаниясы жүргүзөт

Президенттин администрациясынын жаңы имаратынын курулушун атамекендик «TS Group» компаниясы жүргүзөт, — деп билдирет президенттин басма сөз кызматы. Президенттин иш башкармалыгы билдиргендей, азыркы учурда жаңы имарат куруу үчүн алмаштырыла турган 16 га аянттагы жер тилкеси боюнча кошумча комиссиялык баа (экспертиза) жүргүзүлүүдө. Эгер, 16 гектар жердин баасы административдик имараттын иш жүзүндөгү наркынан ашып кетсе, курулуш компаниясы башка […]

Акылбек Жапаров министр Алымкадыр Бейшеналиевге сөгүш жарыялады

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Буга чейин Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевдин жүрүм-турумуна байланыштуу эскертүү берген.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев №27 түзөтүү колониясына которулду

Экс-президент Алмазбек Атамбаев No27 түзөтүү колониясына которулду.Бул тууралуу УКМКнын тогузунчу кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев Facebook баракчасына жазды. Белгилей кетсек, буга чейин Атамбаев өзү ИК-47ден башка колонияга которуларын билдирген. Ал ИК-8ге которууну суранган. ИИМдин басма сөз кызматы мурдагы мамлекет башчынын башка мекемеге которулушу боюнча комментарий бере элек.

Эдил Байсалов: Акылбек Жапаров — элибиздин бактысы

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өкмөт башчы Акылбек Жапаровду кыргыз элинин бактысы, -деп атады. Ал мындай пикирин социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан Эдил Байсалов Жапаров боюнча сын же ушак угуп калса дароо эле күлкүсү келерин айткан. «Бул киши тууралуу билип-билбей эле апыртып-көбүртүп сүйлөп, көрө албаган жана ич күйүтүн жашыра албагандар толтура эмеспи. Таланттуу, […]

Мариуполдо курчоодо калган украин аскерлери багынып берүүдөн баш тартты

Мариуполь шаарында орус күчтөрүнүн курчоосунда калган украин аскерлери багынып берүү тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин сунушунан баш тартышты. Бул тууралуу Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль билдирди. Анын айтымында, «шаар дале болсо кулай элек» жана «украин армиясы Мариуполдун айрым бөлүктөрүн өз көзөмөлүндө кармап турат». Буга чейин Орусиянын Коргоо министрлиги украин аскерлери шаардагы «Азовсталь» заводунда жашырынып турушканын билдирген. РИА […]