Кыргыз балбаны Акжол Махмудов Азия чемпиону болду

Грек-рим күрөшү боюнча 77 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн балбан Акжол Махмудов Азия чемпионатынын алтын медалын тагынды. Финалда ал казакстандык Максат Ережеповду 3:1 эсебинде утуп алды. Жарым финалда биздин спортчу кореялык балбанды 4:1 эсебинде уткан. Дагы бир грек-рим күрөшчүсү Тынар Шаршенбеков 63 килограммга чейинки салмак ченинде Азия чемпиону аталды. Эске салсак, 19-24-апрель күндөрү Улан-Батор шаарында […]

Лавров Украинадагы “атайын операциянын” экинчи этабы башталганын жарыялады

Украинада орусиялык “атайын операциянын” кезектеги этабы башталат. Бул тууралуу бүгүн19-апрелде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров India Today телеканалына берген маегинде билдирди.«Украинанын чыгышындагы операция, мурда жарыялангандай, Донецк жана Луганск республикаларын толук бошотууга багытталган. Бул операция уланат, бул атайын операциянын кийинки этабы азыр башталып жатат. Менимче, азыр бул атайын операциянын маанилүү учуру болот окшойт», — деди […]

Садыр Жапаров: Алагды кылбай, тынч иштетесинерби туугандар?

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасында өлкөдөгү жүрүп жаткан иштер боюнча кенен маек берерин билдирген билдирүү жазды.“Иш сапардан келгенден кийин атайын маек берейинчи. Өлкө боюнча жасалып жаткан иштерди ийне-жибине чейин айтып берем. Эл-журттун башын айландырып, удургуткандарга жооп болсун. Алагды кылбай, тынч иштетесинерби туугандар? 😊,-деген Жапаров.

Казакстан Кыргызстан менен күч түзүмдөрүн калтыруу боюнча келишимди жокко чыгарат

Казакстан Кыргызстан менен 1997-жылы түзүлгөн күч түзүмдөрүн калтыруу тартиби боюнча келишимден чыгууну каалайт. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.Маалыматка караганда, президент Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгында Казакстандын Тышкы иштер министрлигине мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасына бул келишимге катышуудан баш тартуу ниети тууралуу билдирүү тапшырылганы айтылатБелгилей кетсек, укук коргоо жана атайын органдардын эки мамлекеттин аймагында болушунун жана өз […]

Акжол Махмудов Азия чемпионатында финалга чыкты

Кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов Монголияда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында финалга чыкты.Ал грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 77 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашууда.Махмудов 1/4 финалдан баштап, ага ирандык спортчу атаандаш болду. Биринчи таймда Ирандын өкүлү жеңишке жетишсе, экинчи таймда кыргызстандыктар катары менен 9 упай топтоп, мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишти. Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште […]

Темиров Live: Камчыбек Ташиевдин уулунун компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерди утуп алган

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурастын компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерди утуп алган. Бул тууралуу Темиров Live каналынын журналисттеринин кезектеги иликтөөсүндө айтылат. Маалым болгондой, 31-январда «Мока Групп» ЖЧКсы мамлекеттик сатып алуулар сайтында катталган. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, компания Таймурас Ташиевге тиешелүү.28-март күнү Жаратылыш ресурстар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгын күйүүчү-майлоочу май […]

Орус армиясындагы дагы бир кыргыз жигит каза болгону кабарланды

Орусия армиясында дагы бир Кыргызстанда туулуп-өскөн кыргыз аскер Украинада каза болгону айтылууда.18-апрелде “Азаттык” радиосу Ош облусунун Өзгөн районунун Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы Аватбек Жолоев менен байланышканда ал Кара-Дыйкан айылында маркумдун туугандары сөөктү жерге берүү үчүн күтүп жатышканын билдирди:“Келе элек, качан келери бүгүн билинет дешти. Кичине чоңойгондо эле кетиптир Орусияга. Орусиянын жарандыгын алган экен. Ошол жактан […]

Зеленский: Орус аскерлери Донбасс үчүн көптөн бери даярданган согушту баштады

Украинанын президенти Владимир Зеленский согуштук аракеттердин 54-күнүнөн кийинки видео кайрылуусунда Орусия Донбасс үчүн согушту баштаганын айтты.«Азыр орус аскерлери Донбасс үчүн көптөн бери даярданган согушту баштады деп айта алабыз. Бүткүл орус армиясынын абдан маанилүү бөлүгү азыр бул чабуулга топтолгон. Ал жакка канча орус солдаты айдалбасын, биз согушабыз. Биз өзүбүздү коргойбуз. Муну биз күн сайын жасайбыз. Биз […]