Жоломан Шаршенбекоа Азия чемпионатында алтын медаль тагынды

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медал тагынды. Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, Шаршенбеков бүгүн, 20-апрелде грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта финалда ирандык Мехди Сейфоллах Мохсен Нежадди 4:0 эсебинде жеңди. Аталган балбан менен Шаршенбеков 2020-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатынын жарым финалында да беттешип, 9:2 эсебинде […]

Вашингтондо Дүйнөлүк банк менен 150 миллион долларлык келишимдерге кол коюлду

Вашингтондо Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосунда 150 миллион доллар өлчөмүндө эки келишимге кол коюлду. Бул Баткен облусун өнүктүрүүгө жана суу менен камсыздоону жакшыртуу долбоору үчүн кредиттер. Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн жолугушуунун алкагында долбооргокол коюлганын Дүйнөлүк банк билдирди.50 миллион долларлык биринчи долбоор Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган. 100 миллион […]

Мискенбаев: Соке, карыганда түрмөдө жатпай, эртерээк күнөөңдү мойнуңа алсаң, эртерээк чыгасың!

Жогорку Кеңештин экс- депутаты Мээрбек Мискенбаев Кой-Таш окуялары боюнча Сооронбай Жээнбековду сотко келүүгө чакырды. Ал ошондой эле экс-президентти өмүр бою резиденцияда жашынып, жоопкерчиликтен качып жатууга мүмкүн эмес экенин белгиледи. Бул тууралуу саясатчы фейсбук баракчасына жазды.“Сооронбай Шарипович, ала кушту да атынан ата дейт, Соке! Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп ырымдалып жатасың резиденцияда. Мейли «Октябрь» […]

Кыргызстан менен Азербайжандын президенттери кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

П Садыр Жапаров бүгүн, 20-апрелде, Баку шаарында Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык тармактардагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.Президент Ильхам Алиев сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар максималдуу натыйжаларга жетише аларына ишенимин билдирди. Ал белгилегендей, стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга кол коюу маанилүү […]

Бакуда Садыр Жапаров менен Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болду

Бүгүн, 20-апрелде, Баку шаарындагы “Загулба” президенттик сарайында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Резиденциянын алдындагы аянтка Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик желектери илинген. Өз ара саламдашуудан соң мамлекет башчылары ардак кароолдун ротасынын катарынын алдынан өтүштү. Андан соң, Кыргызстан менен Азербайжандын гимндерин уккандан […]

Эльвира Сурабалдиева арзан насыяны кайсы чиновниктер алганын ачыктап салды

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева дыйкандар үчүн бөлүнгөн 6 пайыздык насыяны чиновниктердин ишканалары алып жатканын айтып, тизмесин жарыялады. Депутат твиттер баракчасына мындай деп жазган.«Тышкы карызды тейлөөгө 10 миллиард сом бөлүнгөн. Бул каражаттын 4 миллиардын дыйкандарга ссуда катары берип, жардам берүүнү өкмөт чечти, бул жакшы иш. Бирок эмне үчүн министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн жана ЖКнын депутаттарынын ишканалары […]

Парламент Казакстан менен чек арада тыгындар жасалма жол менен түзүлүп жатканы айтылды

Кыргыз-казак чек арасында кызыкдар тараптар атайылап жасалма тыгындарды жаратууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди.« Кыргыз тарап жасалма тыгын уюштуруп, ошол жерде “үч миң сом берсең өткөрүп коем” деген жигиттер жүрөт дейт. Бул маалыматты ошол жердеги кыйналган адамдардан айтып жатат. Бажы жана чек ара кызматтары ушуну текшерип койсун. Чын эле […]

Байсалов TemirovLive каналынын иликтөөсү боюнча Ташиевдерди жактап чыкты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Твиттердеги баракчасына журналист Болот Темиров Ташиевдин үй-бүлөсүнө байланышкан иликтөөнүн айланасындагы кырдаалга комментарий берди.Ал TemirovLive каналынын журналисттери Камчыбек Ташиевдин уулунун бизнесин иликтөөдө фактыларды бурмалап жатат деп эсептейт.«Манипуляциянын эмне деген күчү бар! «Тендерлерди Ташиевдин баласы ута баштады»,- деп катуу заголовок жазып. Ташиевдердин 25 жылдан бери бензин менен алектени келгени жалгнбы? […]

Назарбаев январь окуяларынан бери алгачкы жолу коомдук иш-чарага катышты

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев январь окуяларынан бери алгачкы жолу коомдук иш чарага катышканы маалым болду. Бул тууралуу Назарбаевдин elbasy.kz өздүк сайтында маалымдалды. “Элбасы “Менин Казакстаным – менин жерим” аттуу балдар чыгармачылык фестивалынын алкагында уюштурулган балдардын сүрөт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсүнө барды.Иш чаранын жүрүшүндө Нурсултан Назарбаев жаш сүрөтчүлөр менен баарлашып, музейдин тематикалык залдарынын жаңы экспонаттары […]

Министрлер кабинетинин башчысы Вашингтондо жумушчу сапары менен жүрөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Вашингтон шаарында (Америка Кошмо Штаттары) жумушчу сапары менен жүрөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет. Белгилей кетсек, министрлер кабинети өз ишинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо, коопсуз энергетика жана экологиялык балансты сактоо жаатындагы долбоорлорду, анын ичинде Глазго шаарында өткөн Климат боюнча дүйнөлүк лидерлердин саммитинде жетишилген макулдашууларды […]