Жапаров эмне үчүн убада кылгандай Матраимовду абакка отургузбаганын айтты

Президент Садыр Жапаров аткаминерлерди жоопко тартуу менен өндүрүлгөн каражаттар боюнча суроого жооп берип жатып, Бажы кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары Раимбек Матраимовду бийликке келгенде убада кылгандай эмнеге камаган жоктугуна токтолду.“Камабадыкпы. Камап, 2 миллард 150 миллион сом акча төктүрдүк. “Элдорадо” деген соода түйүнүн алдык. Элиталуу 10 квартирасын алып, Мамлекеттик ипотека компаниясы аркылуу элге таратып бердик. Кошуна […]

Таалатбек Масадыков мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, жаңы кызматка дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Масадыков Таалатбек Шамудинович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, КР президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.

Молдокматов: Садыр Жапаров октябрь окуясында «Ак үйдү» басып алганы үчүн жоопко тартылыш керек

ишкектин Биринчи Май райондук соту 2020-жылдын октябрь айындагы массалык башаламандык боюнча кылмыш ишин кароону улантууда.Сотко Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов алынып келинди. Ал эми мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди сотко алып келишкен жок.Жыйындын жүрүшүндө «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов 2020-жылдын 5-6-октябрындагы окуяларда имараттарды басып алгандарды жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен кайрылды.Жеңиш Молдокматовдун айтымында, имараттарды мыйзамсыз […]

Жапаров: Азырынча элдин 80 пайызы мени колдоп турганын билем

Президент Садыр Жапаров айрым оппозициялык күчтөрдун бийликти кулатабыз- деген ниети тууралуу суроого жооп берип, башаламан кылууну каалагандарды аёсуз жаза күтүп турганын эскертти“Митингдерге каршы эмесмин. Чыга беришсин. Бирок мени кулатабыз дегендей, мен ичип-жеп, бир туугандарымды министр, губернатор кылып алган болсом же жакындарым мамлекеттик иштерге аралашып бийлеп алган болсо, анда мени кулатабыз дешсе жарашат эле. Азырынча элдин […]

Жапаров Октябрь окуясы боюнча айыпталуучуларга кош стандарттуулук болбогонун билдирди

Президент Октябрь окуялары боюнча айыпталып жаткан саясатчылар боюнча жана анын ичинде Атамбаевдин сот иштери боюнча журналисттин “Атамбаев абакта отурат, ал эми ал киши өтүп жаткан кылмыш иш Октябрь окуяларында катышкан делген Руслан Казакбаев, Өмүрбек Бабановдор эркиндикте эле жүрүшөт деп Атамбаевдин тарапкерлери азыркы бийликти кош стандарттулукка айыпташууда. Буга эмне дейсиз?- деген суроосуна жооп берип жатып, бийлик […]

Жапаров: “Кумтөр” боюнча келишим күчүнө киргенде баарын ачыктайм, ошондо сындап жаткандар уялышар

Садыр Жапаров “Кумтөр” боюнча жетишилген келишимдерди сынга алып жаткандарга жооп берди. Анын айтымында “ Кумтөр” маселеси боюнча келишимдер үч айдан соң күчүнө кирет. Андан соң гана коомчулукка бардыгы ачыкталат.“Туура көрсөңөр, “Кумтөр” боюнча азырынча жооп бербей турсам. Анткени өткөндө кол коюшкан келишимибиз үч айдан кийин күчүнө кирет. Күчүнө кирер замат, коомчулукка баарын ачыктайм. Жашыра турган эч […]

Жапаров: “Эч бир президент келбеди” деп сайрагандар сабыр кылып турушсун

Президент өлкөдөгү жүрүп жаткан иштер боюнча жаңы берген маегинде Кыргызстанга чет мамлекеттин бир дагы президенти келе элек,- деген сынга жооп берди. Анын айтымында сырттан келгендерди тосууга өлкөдө тыңгылыктуу шарттар түзүлгөн эмес.“Чакырсаң, баары эле келет. Аларды тосконго шартың начар болсо, кантип чакырасың. Былтыр Ысык-Көлдө КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын саммити өттү. Дагы жакшы, жанталашып, үч айда резиденциянын […]

Жапаров: Мен жыргал жашоого көнгөн эмесмин, мындан ары деле андай жашоону самабайм

Президент Садыр Жапаров жаңы курула турчу “ Ак үй” боюнча кенен пикирин “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.“Азыркы иштеп жаткан ордум дагы абдан жакшы. Исхак Раззаков агабыз 1950-жылы курган экен. Ошондон бери кыргызга кызмат кылып келе жатат. 72 жыл болуптур. Мен дагы ошол кишинин жолун жолдоп, бир имарат куруп кетейин дедим. 100 жыл кызмат кылсын. Негизи […]

Камчыбек Ташиев суракка чакырылды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча суракка чакырылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде АКИpress агенттигине өздүк булактарына таянып жазды. Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы Ташиевди күбө катары суракка алат. 2010-жылы Ташиев “Ата-Журт” партиясынын лидери болгон.

Кыргызстанда медиктердин маянасы 50 пайызга жогорулады

Апрель айынан баштап медицина кызматкерлери үстөктөрү жана кошумча төлөмдөрү сакталып, 50 пайызга жогорулатылган айлык акы ала баштайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.Маалыматка ылайык, бардык үстөк акылар жана кошумча төлөмдөр сакталды (айыл, бийик тоолуу, илимий даража, эмгек стажы, категориялар ж.б.) жана эмгек акысына кошулуп берилет.Саламаттык сактоо министрлиги жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду […]