Бишкекте шаурмадан 11 адам ууланды

Бишкектеги тез татым жайларынын биринде тамакка массалык уулануу фактысы катталды. Бул тууралуу Бишкектин санэпидемкөзөмөл кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкектин борбордук бөлүгүндө жайгашкан «Эл эмне жейт» тез татым жайындагы шаурмадан 11 адам ууланган. Учурда аталган жай убактылуу жабылып, уулануунун себептери изилденүүдө. Көзөмөл органы тарабынан тез татым жайына мыйзамды бузгандыгы үчүн 13 000 сом айыппул салынып, кемчиликтерди […]

Кыргыз-өзбек чек арасында каза болгон үч жаран бир үй-бүлө мүчөлөрү болгон

Өзбекстандын чек арачыларынын огунан бир үй-бүлөдөгү үч жаран — 48 жаштагы киши жана анын 22 жана 24 жаштагы эки уулу каза болгон. Бул тууралуу «Азаттыкка» окуя катталган Актам айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Камчыбеков билдирди. Ал буга чейин акыркы беш жылда мындай окуя болбогонун айтып, анын негизги себептерин атаган жок. “Азыр Чек ара кызматы сүйлөшүү жүргүзүп […]

Улукбек Марипов Медина шаарында жашаган кыргызстандыктар менен жолукту

Кыргызстандын Сауд Арабия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Мариповдун Медина шаарында жашаган КР жарандары жана студенттери менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда элчи Марипов жарандарга КР президенти жана министрлер кабинети тарабынан Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле билим берүү жана жаштарды колдоо боюнча мамлекеттик […]

Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы бизнести каржылоого дагы 50 миллион доллар бөлөт

Дүйнөлүк банктын Аткаруучу директорлор кеңеши Кыргызстандагы микро, кичи жана орто ишканаларды чукул колдоо долбооруна кошумча 50 миллион доллар каржылоону жактырды. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын сайты билдирди. Жаңы каржылоо 2020-жылдын 30-июлунда бекитилген чакан жана орто бизнести өзгөчө кырдаалдарда колдоо долбооруна кошумча болуп саналат. Алгачкы долбоор Дүйнөлүк банктан 50 миллион долларды тартып, Азия Инфраструктуралык Инвестиция Банкынан (AIIB) […]

Мотуев: Алай-дүлөй сел каптап жатканда президент ойнобой, жок дегенде кабак бүркөп тиктеп турушу керек болчу

«Президент деген оор басырыктуу болушу керек», — мындай пикирин коомдук ишмер Нурлан Мотуев жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине билдирген.“Президент деген оор басырыктуу болушу керек. Сузакты суу алып, Алайда алай-дүлөй сел каптап жатса, жок дегенде тиштенип, кабакты катуу бүркөп, «сопереживаю» дегендей тиктеп турушу керек болчу. Кеңешчилери начар го”-, деген Нурлан Мотуев.Эске салсак, 4-5-майда Садыр Жапаров баштаган президенттин […]

Өмүрбек Текебаев Германия президентине ишеним грамоталарын тапшырды

Кечээ, 5-майда Берлин шаарындагы Бельвю сарайында Кыргызстандын Германия Федеративдүү Республикасындагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге ишеним грамоталарын тапшырды. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, КР элчиси Текебаев Германия ФРдин президенти Штайнмайер менен салтанаттуу аземден кийин болгон сүйлөшүүдө Кыргызстандын президенти Садыр .Жапаровдун атынан герман тараптын көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык […]

Кыргыз-өзбек чек арасында ок атылып, 3 кыргыз жараны каза болду

5-майда Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын үч жаранына курал колдонушканын УКМКнын Чек ара кызматы билдирди. Окуя Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Актам айыл өкмөтүнө караштуу Дөбө-Коргон участкасында болгон. Натыйжада 1974-жылы туулган А.К., 1998-жылы туулган А.Ж., 2000-жылы туулган А.Ж. жарадар болуп, Ала-Бука районунун ооруканасында эсине келбей каза болгон.Окуянын чоо-жайын тактоо максатында Кыргызстандын Ала-Бука багыты боюнча чек ара өкүлү […]