Аида Касымалиева Кытайдан Кыргызстандын тышкы карызын төлөөнү жеңилдетүүнү суранды

Кыргыз Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева Кытайдан Кыргызстандын тышкы карызын төлөөнү жеңилдетүүнү суранды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү билдирди.Туруктуу өкүл Кытай Эл Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү тарабынан өткөрүлгөн Глобалдык өнүгүү демилгесинин онлайн жолугушуусуна катышканы белгиленди. Жолугушуунун тосуп алуу бөлүгүнө Кытайдын тышкы иштер министри Ван И жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш катышты.Буга […]

Жамалбек Ырсалиев «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасынын директору болуп дайындалды

Жамалбек Ырсалиев «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, «Бишкекжылуулукэнерго» ишкананын мурдагы жетекчиси Азамат Оморов жазган арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. Белгилей кетсек, Ырсалиев буга чейин турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэрлик кызматты аркалап келген.

Акылбек Жапаров дарылануудан кайтып келип, аппараттык жыйын өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет. Жыйындын жүрүшүндө министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери талкууланып, аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчыларына бир катар тапшырмалар берилди. Тактап айтканда, социалдык жөлөкпулдарды жогорулатуу жана жеке жер тилкелерин трансформациялоо маселелерин иликтөө табышталды. Акылбек Жапаров белгилегендей, министрлер […]

Мектепте 12 жылдык билим берүүнү киргизүү мөөнөтү артка жылдырылды

Кыргызстан 2024-2025-окуу жылынан баштап гана 12 жылдык окууга өтө алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.Анын айтымында, ведомство жол картасын иштеп чыккан.«Аймактардагы мектептер даяр. Бир гана Бишкекте көйгөйлөр бар. Окуу китептерибиз даяр болсо, анда 2024-2025-окуу жылынан баштап толук өтүүгө болот», — деди […]

Январь окуяларында Казакстанга жиберилген аскерлер Садыр Жапаровго кайрылышты

2021-жылдын январында Казакстанда ЖККУнун тынчтык орнотуу миссиясына катышкан аскер кызматкерлери атайын тапшырма үчүн бекитилген эмгек акысын дагы эле ала элек. Аскер кызматкерлери өздөрүнө тиешелүү акчаны алууга жардам сурап президент Садыр Жапаровго кайрылышканы тууралуу маалымат ЖМКларда пайда болду. Маалым болгондой, азырынча компенсацияларды төлөө боюнча министрлер кабинетинин буйругу жок экени такталган.«Акча министрлер кабинетинин башчысынын буйругунун негизинде төлөнөт. […]

Министр депутат Сулаймановго: «Жардамчыңызды кесиптик лицейге директор кылбаганым үчүн мени сындап жатасыз»

Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов тарабынан айтылган сындар анын кеңешчисин директорлукка коюп берүү боюнча сунушу аткарылбай калганы үчүн болуп жатканын билдирди. «Мага айтылган сындар боюнча, эмне үчүн мындай кылып жатканыңыздын чоо-жайын ачыктагым келет. Бул теманы сиз козгоп жатасыз. Мен министр болуп дайындалгандан кийин жардамчыңызды Токтогул районундагы №39 кесиптик лицейге директор […]

“Президент биздин атабыз”: Катуу талкууга алынган жазуу боюнча түшүндүрмө берилди

Президенттин Ош обулусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы интернетте талкууга алынган сүрөт боюнч түшүндүрмө берди.Эске салсак, буга чейин “Президент биздин атабыз”- деген жазуу талкууга алынган. Социалдык тармактын колдонуучулары бул кадамды кошомотчылык катары баалап, катуу талкууга алынган.Маалыматка караганда, бул баннер Араван районундагы 11-майда өтө турчу кайрымдуулук иш-чарасы үчүн илинген. Аталган иш-чараны айыл өкмөт Алля Анаров […]

Мэрилин Монронун портрети 195 миллион долларга сатылды

Америкалык поп-арт классиги Энди Уорхолдун «Сейж Блу Мэрилинди» тарткан Мэрилин Монронун портрети аукциондо рекорддук 195 миллион долларга сатылды. Бул аукциондо сатылган эң кымбат америкалык көркөм чыгарма болуп калды. Сатып алуучу армян тектүү америкалык арт-дилер Ларри Гагосиан болгон. Сатуудан түшкөн бардык каражат балдар кайрымдуулук уюмуна жумшалат.

Бишкекте Алмазбек Исманкуловдун клиникасынын алдында митинг өтүп жатат

Бишкекте Алмазбек Исманкуловдун көз микрохирургиясы жеке клиникасынын алдында митинг өтүп жатат.Чогулгандар Исманкуловдон мамлекеттик имаратты бошотууну талап кылышууда.Митингчилер ооруканаларда орун жетишсиз экенине нааразы

Жапаров «Кумтөрдүн» ишмердигин текшерүүгө Эсептөө палатасын жибергенин жазды

Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирүү калтырып, анда “Кумтөрдүн” бир жылдык каржылык жана башка ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн Эсептөө палатасын жибергенин жазды. « Кумтөр алтын кенине 2021-жылдын 17-майында тышкы башкаруу кирген, андан бери бир жыл өттү. Текшерүү бүткөн соң (болжол менен эки айдан кийин) жалпы элге маалымат берилет», — деп билдирүү калтырган президент