Дордой-2 жаңы конушунан жаңы төрөлгөн эки ымыркайдын сөөгү табылды

Бишкек – Торугарт унаа жолунун 12-чакырымында жаңы төрөлгөн эки ымыркайдын сөөгү табылды. “Кабар” агенттигине Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, бул тууралуу маалымат Аламүдүн РИИБне 12-майда түшкөн. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери ымыркайлардын сөөгүн Дордой-2 жаңы конушунун аймагынан табышкан. Аталган факт маалыматтардын электрондук журналына катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Материалдар Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүп берилет.

Депутат Суусамырда сууга чөгүп каза болду (Видео)

Депутат Суусамырда сууга чөгүп каза болду. Туугандары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерин аракетсиз деп айыптоодо Чүй облусунун Панфилов районундагы Вознесеновка айылынын депутаты Бакир Исаков Суусамырда ӨКМ кызматкерлеринин көзүнчө дарыяга чөгүп кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын эжеси Назима Исакова билдирди. Анын айтымында, Бакир Исаков Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери менен биргеликте Суусамырдагы аралда тыгылып калган атын чыгарып кетмек […]

Масалиев: «Максим Бакиев 12 жыл 200 млн долларын бир жерде кармап турган макоо эмес да»

Максим Бакиев 12 жыл 200 млн долларын бекитип койгудай макоо эмес да- мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирди.“Балким президентти бирөө алдап койгондур, же президент билип, башкача айтып жаткандыр. Мен айта албайм. Ал таза деп атса, таза деп эсептейт да. Ал акча боюнча айтсам, 200 млн долларды Максим укам 12 жыл […]

Талант Мамытов Сердар Бердымухамедов жана Гурбагулы Бердымухаммедов менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов менен Түркмөнстандын Эл Маслахаты Милли Генгешинин Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовдун эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.Тараптар ар тараптуу байланыштарды бекемдөө, анын ичинде парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.Талант Мамытов Түркмөнстанга Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Россия Федерациясынын Биринчи Парламенттер аралык форумуна катышууга чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, […]

Султанбаев: Көрсө, Ширшовго козголгон иштер болгон экен

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев экс-чиновник, “Дастан” корпорациясынын мурдагы директору жана Максим Бакиевдин өнөктөшү катары таанылган Алексей Ширшовго карата мурда козголгон кылмыш иштери бар экенин билдирип, тактоо киргизди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.“Ширшов боюнча тактоо.Президент Садыр Жапаров Ширшов боюнча маалымат бергенден кийин Азимбек Бекназаров “Мамлекет башчысын кимдир бирөөлөр адаштырып жатат”-, деген пикирин […]

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 миллиардды түздү

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд 712 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 1 миң 378 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 233 куб метрге жетүүдө

Садыр Жапаров Москвада өтүүчү ЖККУнун юбилейлик саммитине катышат

16-майда Москвада Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) юбилейлик саммити өтөт. Бул тууралуу ТАСС Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берүү менен билдирди. «16-майда ЖККУнун 30 жылдыгына карата Москвада уюмга мүчө мамлекеттердин саммити өтөт. Бул лидерлердин жолугушуусу жана өзүнчө жумушчу мененки тамак форматындагы баарлашуусу да болот», — деди ал. Дмитрий Песков иш-чаранын аягында ЖККУнун […]

Акылбек Жапаров: 20 шаарда заманбап оорукана курулат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 20 шаарга эң жогорку талаптарга жооп берген оорукана куруу пландалып жатканын айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Жапаров Дүйнөлүк банктын адамдык өнүгүү тобунун директору Фадия Саада менен жолуккан. Алар мамлекеттин социалдык саясатынын негизги милдеттери, анын ичинде адамдык өнүгүү маселелери, калктын жакыр жана аялуу катмарын колдоо үчүн зарыл болгон чаралар […]