УКМК министр Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекованы кармады

КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчисинин кеңешчиси Мээрим Тилекова кармалып, Каракол шаарына жеткирилди. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.⠀Маалым болгондой, бүгүн, 17-майда жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында КР Саламаттыкты сактоо министринин Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси 1993-жылы туулган Мээрим Тилекова кармалып, КР Кылмыш-жаза кодексинин «Опузалап пара талап кылуу» беренеси боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн алкагында тергөө амалдарын уюштуруу үчүн кармалып, Каракол шаарына […]

Путин Бишкекте өтө турган Евразиялык экономикалык форумга катышат

Орусиянын президенти Владимир Путин май айынын аягында Бишкекте өтө турган Евразиялык экономикалык форумга катышат. Формат кийинчерээк белгилүү болот, бирок бетме-бет визит жокко чыгарылбайт, деп билдирди шейшембиде Орусиянын мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков.«Биз да жокко чыгарбайбыз, бирок кандай болгон күндө да ал катышат», — деди Кремлдин өкүлү Путин форумга барат же онлайн сүйлөйбү деген […]

Кыргызстан менен Өзбекстандын УКМК жетекчилери жолукту 

Бүгүн, 17-майда Кыргызстандын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизов жолугушту.Эки өлкөнүн атайын кызматынын төрагалары Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы чек ара тилкесиндеги макулдашыла элек Гавасай участкасын тик учак менен кыдырышты.Тараптар тийиштүү маселелер боюнча өз ара пикир алмашты. Жолугушуу жылуу достук маанайда өттү жана тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Президент Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 16-майда өткөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн Россия Федерациясынын борбору Москвага иш сапар аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин 30 жылдыгына жана ЖККУнун 20 жылдыгына арналган ЖККУнун мааракелик жыйынына Россиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун президенти Александр Лукашенко, […]

Жанар Акаев: “Элдик курултай” мыйзамы кабыл алынса, Жогорку Кеңеш тарап кетишибиз керек

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери комитетинде «Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамдын долбоорун биринчи окууда талкууланып жатат.Жыйында депутат Жанар Акаев элдик курултайдын мүчөлөрүнө ашыкча укуктар берилгенин сындады. Ал мындай мыйзам долбоору кабыл алынса Жогорку Кеңеш тарап кеткени эле жакшы экенин айтты. «Элдин атынан президент, Жогорку Кеңеш сүйлөйт, он миңденген, 100 миңдеген добуш […]

Акыркы коңгуроодо кафелерге жана сыртка чыгууга тыюу салынат

Мектептерде акыркы коңгуроо майрамына карата кафе-ресторандарда иш-чараларды өткөрүүгө, ошондой эле сейил бактарда сейилдөөлөргө, жаратылышка жана суу объектилерине саякаттоого тыюу салынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Ведомство акыркы коңгуроону 9-июнда өткөрүү боюнча буйрук даярдап жатат. Саат 9.00-10.00дө республиканын бардык мектептеринде (мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик) мектептерде салтанаттуу линейкалар өткөрүлөт. Буйрукка бүгүн кол коюлуп, […]

“Социал-демократтар” Дача-СУ авиакырсыгын иликтөөчү комиссияга кайрылуу жолдоду

КСДПнын лидери Темирлан Султанбеков Дача-СУдагы учак кырсыгын иликтөө боюнча коомдук комиссиянын мүчөлөрүнө кайрылуу жолдоду.«Президенттин чакырыгына ыкчам жооп берип, коомдук комиссиянын ишине катышуу үчүн сунуш жөнөттүк. Тилекке каршы биздин кайрылууларыбыз жоопсуз калды. Социал-демократтар партиясы келечекте мындай кырсыктарды болтурбоо үчүн коомдук комиссиянын иши ачык-айкын жана объективдүү болот деген ишенимин билдирет», — деп айтылат кайрылууда.Партия ар кандай саясий […]

Ош облусунда төрт эм төрөлдү

Ошто төрт эм төрөлүп, жаш үй-бүлөдө учурда алты бала бар. Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынан билдиришкендей, 32 жаштагы аялга 2-майда пландуу кесарево операциясы жасалган. Бул ооруканада биринчи жолу болуп жатат. 4 эмдин экөө эркек бала, экөө кызбала — 1195,0 грамм, 16.31де, кыз — 1060,0 грамм 16.32, кыз —1100,0 грамм 16.33, бала — 1130,0 грамм […]

Президент Садыр Жапаров Владимир Путин менен жолугушту

Садыр Жапаров 16-майда, Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет. Тет-а-тет форматындагы жолугушууда өлкө лидерлери кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын талкуулашты. Россиянын президенти Владимир Путин тараптар ортосундагы мамилелер жалпысынан позитивдүү өнүгүп жатканын белгиледи. Ал былтыркы товар жүгүртүүнүн олуттуу өсүшүн белгилеп, Россия Кыргызстандын товар жүгүртүүсүндө ишенимдүү биринчи орунда тураарын […]