Садыр Жапаров Бишкек ЖЭБинин абалы менен таанышты

Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда, Бишкек ЖЭБинин абалы жана анын 2022/2023-жылдын күз-кыш мезгилинде иштөөгө даярдыгы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет. Мамлекет башчысы Бишкек ЖЭБинин имаратын жана жабдууларын көрүп, турбиналык жана буу казан цехтеринин иши, жылуулук борбордун машина залын жана башкаруу системасынын жаңы блокторун, лаборатория менен таанышып, анда эмгектенген кызматкерлер менен баарлашып, алардын […]

«Асман» шаары курула турган жер участогу өзгөртүлдү

«Асман» шаарын куруу үчүн белгиленген жер участогу өзгөртүлдү. Бул тууралуу президентке караштуу инвестиция агенттигинин директору Равшанбек Сабиров билдирди.Анын айтымында, шаар курула турган аймак биосфералык зонага киргизилген. «Ошондуктан биз аймактын бир бөлүгүн 10 чакырымга жылдырууну чечтик. Азыр Тору-Айгыр айыл өкмөтү менен Тамчыдагы аэропорттун ортосунда болуп калат. Бул аэропортко 10-12 чакырым жакыныраак», — деп түшүндүрдү ал.

Акыркы коңгуроо салтанатына акча чогултууга тыюу салынды

Быйыл республика боюнча акыркы коңгуроо салтанаты билим берүү мекемелеринде 2022-жылдын 9-июнунда саат 9:00до өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, акыркы коңгуроо салтанатын уюштуруу жана өткөрүүдө окуучулардан жана алардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултууга катуу тыюу салынат. Ошондой эле бул күнү мектептин айланасында ачык отту, күйүүчү, пиротехникалык жана башка […]

Бишкекте мектеп окуучусу 9-кабаттан кулап каза болду

Бишкекте 9-кабаттан кулаган мектеп окуучусу көз жумду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Октябрь райондук милициясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 18-майда саат 08:10дор чамасында “102” кызматына борбор калаанын Каралаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 9-кабатынан өспүрүм кулап, каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, каза болгон өспүрүм 14 жаштагы Н.И., экендигин тактаган. Аталган […]

Орусия Украинанын бошотулган аймактарын калыбына келтирет

Орусия Украинанын бардык бошотулган аймактарын калыбына келтирет. Учурда керектүү каражаттын көлөмү такталып жатканын вице-премьер Марат Хуснуллинге шилтеме берип РИА Новости жазды.Ал Украинанын Мелитополь шаарында иш сапары менен жүрөт.Мындан тышкары, вице-премьер Запорожье облусунун Россия менен интеграциясы келечектүү экенине токтолду.«Россия менен иштешсе аймактын келечеги кең болот деп ишенем. Атап айтканда, айыл чарба өндүрүшүн жана өнөр жайын өнүктүрүүдө […]

Улуттук банк валюта рыногунан 6 млн доллар сатып алды

Кыргызстандын Улуттук банкы 18-майда валюта рыногунан 6 миллион доллар сатып алды. Бул тууралуу КР УБнын расмий сайтында айтылат. Белгилей кетсек, бул үстүбүздөгү жылдын эсеби боюнча үчүнчү интервенция, тактап айтканда, Улуттук банк жалпысынан 25 млн 900 миң доллар сатып алган. 19-майга карата чет элдик валютанын курсу банктарда 82,29 сомдон болсо, расмий курс 80,27 сомду көрсөтүүдө.

Кочкордо жол кырсыгынан 4 адам каза болду

Кочкордо КамАЗ менен Audi 100 унаасы кагышып, 4 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 125-чакырымында (Теңдик айылы) КамАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен Audi 100 үлгүсүндөгү унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен 4 адам: 1999-жылы туулган М. уулу […]

Кыргызстанда лицензиялык талаптарды аткарбаган 111 жеке клиника жабылат

Кыргызстанда лицензиялык талаптарды аткарбаган 111 жеке клиника жабылат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка караганда, ушул жылдын 6-апрелинде Саламаттыкты сактоо министрлигинде жеке медициналык уюмдардын лицензиялык талаптарга ылайык келүүсүн текшерүү боюнча комиссия түзүлгөн. Республика боюнча бардыгы болуп 370 клиника/кабинет текшерилди.Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча лицензиянын жоктугу, лицензиясыз жүргүзүлгөн медициналык ишмердүүлүк, лицензияга ылайык даректин туура […]

Тоолуу Бадахшанда 8 киши каза болду, 11и жаракат алды

Тоолуу Бадахшан автономдуу облусундагы Рушан районунда сегиз киши набыт болду, 11 киши жараат алды жана 70тен ашууну кармалды. Бул тууралуу 18-майда Тажикстандын Ички иштер министрлиги кабарлады. Министрлик каза тапкандарды «куралчан топтун мүчөлөрү» деп атады. «Бир сыйра эскертүү берилгенине карабай кылмыштуу топтун мүчөлөрү куралдарын ыктыярдуу түрдө таштаган жок жана конституциялык түзүлүшкө каршы жүрүштөрүн улантып жатышты. Соңунда […]

Алымкадыр Бейшеналиев кандай шартта кызматтан кете турганын айтты

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жалпы эл суранса гана кызматтан кетерин маалымдоо каражаттарына билдирди.Ал Германияда «өтө чоң миссия менен» жүргөнүн, иш сапары аяктагандан кийин Кыргызстанга кайтып келерин билдирди. «Мен медицинада реформаларды тезирээк жүргүзүү үчүн мындан да көп иштейм, анткени мен дайыма айтчумун: мага тоскоолдук кылгысы келген абийирсиз адамдар бар. Мен 300дөн ашык клиниканы жаап жатам, […]