Кыргызстанда доллардын сатып алуу курсу 80 сомдон төмөн түштү

АКШ долларынын сатып алуу курсу жарым күндө 2 сомго арзандады. Азыр америкалык валюта 79-80 сомдон сатып алынып, 80-80,5 сомдон сатылууда. Расмий курс 80,0099 сом. Евро 1 сомго арзандады. Азыр 84-84,5 сомдон сатылып, 85-86 сомдон сатылууда. Номиналдык курс 83,9704 сом деп белгиленди.Белгилей кетсек, бүгүн Орусияда доллар менен евронун рублга карата курсу көп жылдык эң төмөнкү көрсөткүчтөрдү […]

Июнь окуясы боюнча үч саясатчыга айып тагылууда

2010-жылдагы июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу Башкы прокуратура Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Кеңешбек Дүйшөбаевге, Исмаил Исаковго жана Бектур Асановго айып койду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кеңешбек Дүйшөбаев билдирди. Анын сөзүнө караганда, Башкы прокуратуранын тергөөчүсү саясатчыларга айыбын 20-майда угузуп, Дүйшөбаев жашаган жеринен эч жакка кетпөө тил каты менен чыкты. Саясатчы муну оппозицияга карата саясий куугунтук деп […]

Белгилүү диктор Бактыбек Мамытов дүйнөдөн өттү

Бүгүн, 20-майда белгилүү диктор Бактыбек Мамытов узакка созулган оорудан улам үйүндө каза болду. Бул тууралуу анын кесиптештери билдиришти. Ал 72 жашта болчу. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылындв туулган.

Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси үй камагына чыгарылды

Саламаттыкты сактоо министринин кеңешчиси Мээрим Тилекова үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камолидинов билдирди.Анын айтымында, мындай баш коргоо чарасын Каракол шаардык соту тандап алган.«Мээрим Тилекова биринчи инстанциянын чечими менен бир айга үй камагына чыгарылган. Бирок прокуратура бул чечим боюнча Ысык-Көл облустук сотуна кайрылган», — деди Сирожиддин Камолидинов.Эске салсак, Алымкадыр […]

Тоолуу Бадахшанда каза болгондордун саны Тажик бийлиги билдиргенден көп

Тажик бийлиги 18-майда Рушан районундагы «антитеррордук операция» деп аталган окуяда 9 киши, анын ичинде бир аскер мерт болгонун, 27 адам жаракат алганын, кеминде 70 жергиликтүү тургун кармалганын билдирген. Бирок «Азаттыктын» тажик кызматынын аймактагы булактары соңку кагылышта өлгөн кеминде 21 жергиликтүү тургундун сөөгү жакындарына берилгенин ырасташты.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Президенттери Бишкекке келбейт жолугушуу онлайн өтөт

27-майда Бишкекте өтөрү пландалган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны видеоконференция форматында өтөт. Бул тууралуу журналисттерге Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович билдирди. Анын айтымында, саммиттин күн тартибинде 14 маселе бар.Пландаштырылган биринчи Евразиялык экономикалык форумга Биримдиктин мамлекет башчылары да видеоконференция аркылуу катышат. «Биз муну бетме-бет форматта өткөрүүгө даярданып жатканбыз, бирок жакында эле мамлекет башчылары форумга […]

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

19-майда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдун телефондук сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кыргыз-өзбек эки тараптуу мамилелеринин бардык комплекси талкууланды. Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы салттуу достук, ынак коңшулаштык жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана тереңдетүү эки өлкөнүн элдеринин түпкү кызыкчылыктарына жооп берерин белгилешти. Тараптар соода-экономикалык кызматташуунун […]