Башкы Прокуратура Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн мүлкүн камакка алууну көздөп жатабы?

Июнь окуясы боюнча Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу»)беренесинин негизинде козголгон кылмыш иши боюнча Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат.Иш боюнча Kaktus.media сайты өздүк булактарына таянуу менен билдиргендей, тергөө тобунун тергөөчүсү Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмүнө кыймылсыз […]

Үч-Коргон ГЭСине Исхак Раззаковдун ысымы берилди

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Нарын дарыясындагы алгачкы гидро энергетикалык объекти болгон Үч-Коргон ГЭСинин 60 жылдыгына катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мааракеге байланыштуу аталган ГЭСке энергетика тармагынын түптөлүшүнө чоң салымын кошкон мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун ысымы берилди. Дал ошол инсан Нарын дарыясынын гидро энергетикалык потенциалын биринчилерден болуп байкап, Кыргызстандагы энергетика […]

Москвадагы курулушта 23 жаштагы кыргыз жараны каза болду

Москва шаарындагы курулуштардын биринде кран кулап түшүп, анын кесепетинен Кыргызстандын 1999-жылы туулган Р.у.Н. аттуу жараны каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты. Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкери окуя болгон жерге жөнөтүлдү. Ошондой эле укук коргоо органдарына жана Москва шаарынын мамлекеттик эмгек инспекциясына Кыргызстандын жаранынын өлүмүнүн себептерин, жагдайларын тактоо үчүн кайрылуу жолдонду. Элчилик каза болгон жарандын […]

Депутат чуулгандуу мыйзам долбоорунун авторлугун ага ким ыйгарганын билбейт

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу саясий жана административдик кызматтарды ээлеген аткаминерлердин эмгек өргүүсүн жогорулатуу боюнча мыйзам долбоору боюнча маалымат каражаттарына комментарий берди. Документ анын авторулугу астында Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылган. Бирок, ал бул мыйзам чыгаруу демилгеси менен чыкканын четке кагууда.«16-майда Орусияга учуп кетип, Парламенттер аралык ассамблеянын ишине катышып, 22-майда келдим. Бул документке менин тиешем […]

Үрүмчү – Бишкек аба каттамы июнь айынан тарта жанданат

Үрүмчү – Бишкек – Үрүмчү багыты боюнча аба каттамы июнь айынан тарта жанданат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин ортосунда жетишилген макулдашуулардын жыйынтыгы боюнча, КР Тышкы иштер министрлигинин, Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин активдүү иш алып баруусунун негизинде тараптар ушул жылдын июнь […]

Зеленский өзү каза болгон учурдагы «Б планы» тууралуу айтты

Украин бийлиги мамлекет башчысы каза болгон учурда “Б планын” даярдаганын президент Владимир Зеленский билдирди. Анын айтымында, окуялар мындай өнүгүп кетсе, бийлик бардык аракеттерге даяр. «Биздин мыйзамдарга ылайык, мамлекетти башкара турган адам бар. Биз даярдандык жана бөлүндүк – мен, премьер-министр жана парламенттин башчысы», — деди Украинанын президенти Давостогу үйүндө видеобайланыш аркылуу сүйлөп жатып. Зеленский ошондой эле […]

Дача-СУда кыйраган учакта аткезчилик жүк болбогону аныкталды

Кечээ 23-майда, Дача СУ авиакырсыгын иликтеген коомдук комиссиянын отуруму өтүп, Ички иштер министрлигинин өкүлү, тергөө тобунун башчысы Максат Мусаев маалымат берди. Маалым болгондой, 2017-жылы 16-январда Гонконгдон Стамбулга баратып, Бишкекке май куюуга конуп кырсыкка учураган учакта турмуш-тиричилик техникалык буюмдары жана электроника товарлар болуп, жалпы 85 тонналык жүк ташылып бараткан. “85 тоннадан ашык жүктөн болгону 600 килограммдан […]

ДССУ дүйнөдө маймыл чечеги 92 кишиге жукканын ырастады

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) дүйнөдө маймыл чечегин жуктуруп алгандардын саны 92ге жеткени ырасталганын, дагы 30га жакын учур текшерилип жатканын билдирди. Уюмдун маалыматына караганда, илдет 15 өлкөдө аныкталып, баарынан Португалияда, Испанияда жана Улуу Британияда көп катталды. Мындан тышкары маймыл чечеги Австриянын, Австралиянын, Бельгиянын, Канаданын, Франциянын, Германиянын, Италиянын, Нидерланддын, Швециянын жана АКШнын жашоочуларынан да табылды. ДССУ […]

Кыргыз-өзбек чек арасында жашыруун тоннель табылды      

Кара-Суу районунун Тельман айылында жүргүзүлгөн «Тинтүү» ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасын Өзбекстан Республикасы менен жер асты аркылуу байланыштырган тоннель табылган. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалым болгондой, бул тоннелдин тереңдиги 15 метр бийиктикте, туннелге кире бериш жери 1,8 метр, туурасы 1,5 метрге жакын, кире бериштен чек ара сызыгына чейин 40 метр, тоннелдин кире беришинен чыгуусуна чейинки […]