Кыргызстанда доллар кайрадан 85 сомго чыкты

Кыргызстанда доллардын курсу эки күндө 5 сомго көтөрүлүп, кайра 85 сомдун деңгээлине чыкты.Азыр борбор калаанын акча алмаштыруучу жайлары жана коммерциялык банктар АКШ долларын 83,5-84,5 сомдон сатып алып, 85 сомдон сатууда. Бүгүн жарым күндүн ичинде 1 сомго кымбаттады.Буга чейинки беш күндөгү номиналдык курс 79,5 сомду түзгөн.Доллардын артынан евро да— 2-3 сомго өстү. Азыр 88-89,5 сомдон сатып […]

Сооронкулова: «Бул маанисиз согушта кыргыздар кырылып жатканы кандай өкүнүчтүү»

Россиянын МК басылмасы Сахалин облусунун губернатору Валерий Лимаренкого шилтеме берип, Украинада согуштук аракеттерге катышкан дагы бир кыргызстандык Сыргакбек Өзүбеков каза болгонун жазып чыкты.Ал арада саясатчы Клара Сооронкулова этникалык кыргыздар «акылсыз согушта» кырылып жатканына өкүнүчүн билдирди.«Маркумда өзгөчө патриоттук сезим болгон деп ойлобойм, анткени ал өзүнүн эркине каршы согушка катышкан окшойт. Формалдуу түрдө Орусиянын жараны болгону менен, […]

Алымкадыр Бейшеналиевге каршы чыккан үч бөлүм башчы кызматтан алынды

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев мекеменин Юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеевди, Коомдук саламаттык башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматованы жана Өндүрүштүк иш бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Ибраеваны иштен алды. Мекенин басма сөз кызматы алар «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын 37-беренеси менен (мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча кызматты токтотуу) кызматтан бошотулганын билдирди.Аты […]

Бүгүн Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында ЖЕЭК жыйыны өтөт

Бүгүн, 27-майда, Кыргызстандын президенти, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) төрагасы Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) катышуучу өлкөлөрүнүн лидерлеринин катышуусунда видеоконференция форматында ЖЕЭК жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Саммиттин күн тартибинде кеңейтилген жана чакан чөйрөлөрдө 15 маселени талкуулоо пландалган, анын ичинде ЕАЭБдин 2022-2023-жылдарга карата макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары, ЕАЭБдин […]

Кыргызстанда кайрадан кумшекердин тартыштыгы жаралууда

Бишкекте жергиликтүү өндүрүлгөн кумшекердин 1 килограммы 90 сомдон 95 сомго чейин сатылууда. Ал эми кээ бир дүкөндөрдө кумшекер сатыкта жок.«Ортосай» базарынын атын атагысы келбеген сатуучуларынын биринин айтымында, базарга жергиликтүү кумшекер «Кайыңды-Кант» заводунан өтө кымбат баада алынып келинүүдө.«Бул кымбат, килограммы 95 сомдон. Биздин жергиликтүү монополистер Кайыңды-Кант кумшекеринин баасын Россия менен Белорусиядан алынып келинген баадай эле кылып […]

Акылбек Жапаров Билим берүү министрлигинде кезексиз жыйын өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги менен кезексиз жыйын өткөрдү. Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, ал министрликтин учурдагы иштери жана пландары менен таанышып, билим берүү тармагында учурдун талабына ылайык өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын белгиледи.«Өлкөдө билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн бардыгы биргелешип иш алып баруу зарыл болгон учур келди», — деди Акылбек […]

Украинада дагы бир кыргызстандык Сыргакбек Өзүбеков каза болду

Украинада дагы бир кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу «МК» басылмасы Сахалин облусунун губернатору Валерий Лимаренкого шилтеме берүү менен билдирди. Маалыматка караганда, 18-майда Южно-Сахалинск шаарында гвардиялык жоокер Сыргакбек Өзүбеков согушта баатырларча курман болгон. Ал үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты. Валерий Лимаренко аскер кызматкеринин үй-бүлөсүнө керектүү жардам көрсөтүлөрүн белгиледи.Фейсбук колдонуучусу Мээрим Дөөлөтбекова Сыргакбек Өзүбеков досторунун уулу экенин […]

Кыргызстанда Орусиянын айрым телеканалдары көрсөтүүлөрүн убактылуу токтотту

Кыргызстанда “Россия 24” телеканалынын көрсөтүүсү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Акнет” ишканасынан билдиришти. Маалыматка караганда, бул кээ бир өлкөлөрдө жалпы россиялык телеканалдарды таратууга мыйзамдык чектөөлөрдү кабыл алып жаткандыктан болуп жатат. ВГТРК каналдарын көрсөтүү эл аралык спутниктерде бир тараптуу бөгөттөлгөн. Андыктан «Россия маданияты», «Россия 24» жана «Звезда» берүүлөрү убактылуу жеткиликтүү эмес.Адистер туруктуу сигнал үчүн резервдик берүүнү уюштуруунун үстүндө […]

Чоң-Алайда үрөй учурган жол кырсыгынан үч адам каза болду

Чоң-Алай районунда жол кырсыгынын кесепетинен үч адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Анын айтымында, жол кырсыгы Ош-Сары-Таш-Карамык унаа жолунун 66-чакырымында болгон. Жүк ташуучу унаанын чиркегичинен контейнер Hyundai Porter унаасына кулап түшкөн. Окуя болгон жерден алты жаштагы бала А.А., төрт жаштагы А.Б. тез жардам унаасында каза болуп, 36 жаштагы Ж.У. […]

Европанын эң кымбат футбол клубу болуп «Реал Мадрид» аталды

Европанын эң кымбат футбол клубу болуп испаниялык «Реал» (Мадрид) командасы аталды. KPMG аналитикалык компаниясы түзгөн бул рейтингде төртүнчү жыл катары менен испан клубу биринчи орунда турат. Бүгүнкү күндө “Реал Мадриддин” баасы 3,184 миллиард еврого бааланган. Континенттин экинчи клубу англиялык «Манчестер Юнайтед» (2,883 млрд) болду. Алдыңкы үчтүктү 2,814 миллиард евро менен «Барселона» жабат.