8-кабаттан өзүн таштап каза болгон жигиттин өлүмү боюнча ӨКМ түшүндүрмө берди

Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бир күн мурун бүтпөгөн имараттын
8-кабатынан секирип кеткен жигиттин өз жанын кыйганы боюнча түшүндүрмө берди.

ӨКМдин Жарандык коргонуу башкы башкармалыгынын башчысы Ырыспек Жолдошбаев, аталган башкармалыктын маалыматы боюнча, «Жаран куткаруу иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бербей, өз жанын кыюуга бел байлаганын» белгиледи.
«Инструкцияга ылайык, бийик кабаттан кулап түшкөн адамды куткарууга жардам берүүчү атайын чатырларды 8 метрден жогору болгон учурда колдонууга болбойт, техникалык нормалар боюнча тыюу салынган. Биз аны аскага чыгуучу жабдуулардын жардамы менен жерге түшүрүп алсак болмок, бирок ал бизди жанына жакын жолоткон жок. Мындай бийиктикте секирүү учурунда батут колдонулган күндө да жаш жигиттин өмүрүн сактап кала албайт элек”-деген ал.
«Мындай курулуштарда коопсуздук торлору болушу керек болчу. Ар кандай нюанстар болушу мүмкүн. Эгерде биз ага жакындап, ал секирип кетсе, анын өлүмүнө куткаруучулар күнөөлүү болуп калмак. Ал жерде 6 куткаруучу, психолог, анын туугандары болгон, ал да атасы менен телефон аркылуу сүйлөшкөн, тилекке каршы, жигитти сактап калууга мүмкүн болгон жок», — деди Жолдошбаев.
Эске салсак, кечээ түштөн кийин Байтик Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулуп бүтө элек көп кабаттуу үйдүн үстүнкү кабатында белгисиз жаран өз жанын кыюуга камынып жатканын көрүшкөн. Бир нече саатка созулган ынандыруу эч кандай жыйынтык берген эмес. Ал 8-кабаттан секирип, ооруканага жетпей каза болгон.
Маркумдун 1999-жылы туулганы аныкталган.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз